Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЧүй району 06.10.2018 09:49 Жаңыланды: 27.10.2018 12:22

5 000 долларлык ээр токум, казактар баалаган камчы: Кол өнөрчү Ж.Ашырбаевдин эмгектери (сүрөт)

Turmush -  Ашырбаев Жыргалбек 23 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, буйрутма менен 5 миң долларлык күмүш ээр токумдарды жасайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1966-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган.

«Мен орто мектепти аяктагандан кийин сүрөтчүлөрдүн училищасына тапшырып, ал жакты алтын медаль менен аяктадым. Андан соң, сүрөтчүлөрдүн академиясына тапшырып, ал жакты толук бүткөн жокмун. Кийин ээр токумдарды жасап иштеп баштадым. Жылкычы Шаршенбиев деген атактуу ээр жасаган агайдын колунан көп нерсени үйрөнүп, такшалдым. Бизге облустардан келип, ээрлерди жаңыртып жасатып кетишчү. Ошол учурда "Чыңгыз хан" тасмасы тартылып, буйрутма менен 100дөй ээр жасатып кетишкен.

1995-жылдан тартып булгаарыдан картина, ар түрдүү камчыларды, ээр токумдарды буйрутма жасап, өз алдымча иштеп кеттим. Жасаган эмгектерим тез эле сатылып кетчү. Анткени, ошол убакта мындай усталар аз да болчу. Базарга да тапшырып жүрдүм. 1992-жылы эл чеберлер союзунун мүчөсү болуп кирип, ал жакта иштеп калдым. 2000-жылы кол өнөрчүлүк боюнча сынак болуп, булгаарыдан, темирден, жыгачтан ар кандай буюмдарды жасап, Сауд Арабиядагы көргөзмөгө 1 ай катыштык. Ал жактан грамоталар менен сыйландык. Андан соң 1 жума Индияда болдук. Ал жерден да грамоталар менен сыйландык. Быйыл жасаган эмгектеримди Көчмөндөр оюндарында көргөзмөгө алып чыгып, 100 миң сомго ээр токум саттым», - деди ал.

Жыргалбек Ашырбаевдин жасаган ээрлери 80 000 сомдон жогору бааланат.

«Негизи өзүм жөнөкөй ээрлерди 80 000 сомдон 100 000 сомго чейин баалайм. Ал эми күмүш ээрлерди 5 000 долларга баалайм. Камчылардын баасы дагы сапатына жараша болот. 3500 сомдон тартып 25 000 сомго чейин. 25 000 сомдук камчылар ажыдаар жана башка жаныбарлардын сөлөкөтү түшүрүлүп күмүштөн жасалат. Төөнүн куйругунан жасалган камчымды көргөзмөгө алып чыгып, казактар 10 000 сомго баалашкан. Жасаган ээрлерди бири-бирине окшоштурбай ар бирин өзгөчө жасоого умтулам», - деди ал.

Анын эң кымбат жасалган 5 000 долларлык ээр токумун Чеченстандан келип алып кетишкен.

«Менин негизги максатым — кыргыздын унутта калып бара жаткан буюм-тайымдарын жаңыртып жасап, кийинки урпактарга мураска калтыруу. Мындан тышкары тогуз коргоол жана жагдан жасайм.

Жагдан — бул илгери байлар мураска калтырган баалуу буюмдарын, баалуу кагаздарын сактап коючу сандык сымал териден капталып жасалган буюм», - деди ал.

Кол өнөрчү 3 кыз, 1 уулдун атасы. Жубайы бала бакчада эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×