Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 05.10.2018 17:50 На русском

Аламүдүндө өз алдынча төрөп, ымыркайды баштыкка салып койгон аялга сот өкүм чыгарды

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 32 жаштагы Снежананын кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Ал жаңы төрөлгөн уулун баштыкка салып, керебеттин астына катып койгону соттун токтомунда айтылат.

Соттолуучу ушул жылдын 18-февралында саат 03:00 чамасында Восток айылында өз алдынча уул төрөп, андан кийин ымыркайдын башына баштык кийгизип, катуу таңып салган. Ал чарчап калган ымыркайды баштыкка салып, керебеттин астына катып койгон.

Экспертизанын маалыматына караганда, ымыркай эркек болчу. Анын өлүмүнө дем алуу жолунун үстүңкү бөлүгү төрөт маалында түйүлдүктүн суусу менен бүтөлүп, өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөй калганы себеп болгон.

Снежананын айтымында, 2017-жылы ноябрь айынын башында жеке фермага жумушка орношкон. Уулу менен бирге бир бөлмөлүү кичинекей үйдө жашап жаткан. Кош бойлуу экени фермага келгенге чейин белгилүү болгон.

«Ичимдеги бала мурунку күйөөмдөн болчу. Кош бойлуу экенимди баарынан, ферманын ээсинен да жашырып жаткам. 18-февраль күнү ичим катуу ооруп, жарым сааттан кийим төрөтүм башталды. Жерге жүк жапкычты салып, чечинип жаттым. Кимдир бирөөнү жардамга чакырууга мүмкүнчүлүгүм жок болчу. Баланын башы көрүнүп, өзүм алып чыгып баштадым. Ымыркай сыртка ыргып, баланын тону кошо чыгып, киндиги үзүлүп, канап кетти. Көп кан кеткендиктен ордумдан козголо албай калдым. Ал эми ымыркай араң эле дем алып, кыймылдабай жатыптыр. Жөргөлөп барып суу ичкенден кийин ымыркайды карасам кыймылдабай калыптыр, денеси муздак экен. Аны каза болуп калды го деп жабуу менен ороп, баштыкка салып, керебеттин алдына коюп койдум. Кайра жерге жатып, канды токтотууга аркет кылдым.

Эртең менен кайрадан кан кетип баштады. Саат 07:30га чейин күтүп, жумуш ордума барып, ферманын ээсинен уруксат алдым. Ал менин абалымды көрүп төрөт үйүнө алып барып, боюмдан түшүп калганын айтты. Дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине түйүлдүк дааратканага түшүп кеткенин айттым», - деп көрсөтмө берди.

Жыйынтыгында сот Снежананы күнөөлүү деп таап, 3 жылга жатак абакка кести.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×