Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Дүйнө 05.10.2018 16:14 На русском

Видео: Тажик президентинин кортежи Японияда жол кырсыкка кабылды

Turmush -  Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кортежи Япониянын Токио шаарында жол кырсыкка кабылды. Кортеж катышкан кырсык учурундагы видеотасманы жергиликтүү Fuji TV телеканалы жарыялаган.

«Ахбор» басылмасынын билдирүүсү боюнча, кортеждеги «Мерседес» унаасы кичи автобус менен 4-октябрда күндүз сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, кичи автобусту үйрөнчүк айдоочу башкарып жүргөн. Учурда жергиликтүү укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын тактап жатышат.

Азырынча Эмомали Рахмон кырсык учурунда унаанын ичинде болгону тууралуу так маалымат жок. Ал эми япониялык журналисттер президент эч кандай жаракат албаганын маалымдашкан.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Япония өлкөсүнө расмий иш сапары менен 3-октябрда барган. Ал эми тажик лидери бүгүн, 5-октябрда 66 жашка толду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×