Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусуТалас району 06.10.2018 17:18

Айыл турмушу: Бактыбек уста атасы үйрөткөн өнөр аркылуу киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 50 жаштагы тургуну Бактыбек Шертаев окуучу кезинен тарта устачылык менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасы Талас районуна таанымал уста болгон.

«Бул өнөр биздин каныбызда бар десем болот. Атам Талас районуна таанымал усталардын бири эле. Атамдын эжеси да сөйкө, шакек жасаган зергер айым болчу. Мектепти бүтүргөндөн кийин эле жогорку окуу жайга баргым келген эмес. Устачылыкты атамдан жакшылап үйрөнүп алып, бул өнөрдү алып кетүүнү чечтим. 1997-жылы атам каза болуп, анын устаканасын иштетип баштадым. Жыйынтыгында бул өнөрдү мыкты өздөштүрүп алдым», - деди ал.

Бактыбек уста: «Биз жасаган аттын такаларын, үзөңгүлөрдү чет мамлекетке Кыргызстандын атынан эстелик катары алып кетип жатышат. Эмгектерим чет мамлекетке кетип жатканына сыймыктанып, акысыз берчүмүн. Учурда темирден оюуларды түшүрүп, дарбаза тирегичтерди жасайм. Алар 2000-5000 сомго чейин баалант.

Жалгыз уулум Бектур ушул өнөргө жакын болуп, пластилинден ар кандай буюмдарды жасап, "келечекте айкелчи" болом дегени кубандырат. Албетте, атамдан үйрөнгөн көп сырды өз убагы келгенде балама үйрөтүп, багыт көрсөтө алам деп ишенем. Атам мага эч ким тартып ала алгыс өнөрдү берип кеткен экен», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×