Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Талас облусу, Талас 25.09.2018 10:35 На русском

3 балалуу келиндин өлүмү: Кылмышка шектелип күйөөсү кармалды

Turmush -  23-сентябрда Талас шаарында бычакталып көз жумган 25 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип 34 жаштагы күйөөсү Н.Ж. кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, келин буга чейин жолдошу менен Бишкекте жашап жаткан. 1 айга жакын убакыт мурда күйөөсү менен ажырашып, Таласка апасынын жанына келген. Күйөөсү анын артынан келип, бирок экөөнүн ортосунда чатак чыгып, аны бычак менен сайып салган.

«Бул кылмышка шектүү адам кечээ күнү кармалды. Ал каза болгон жарандын (келиндин) күйөөсү. Шектүү Бакай-Ата районунун 1984-жылы туулган тургуну экендиги такталды. Буга чейин жубайы экөө Бишкек шаарында жашап келишкен. Ал кылмыштан кийин 1 суткага жетпей Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетине жакын жерден кармалды. Өлтүрүүгө кызганыч себеп болгон. Кармалган адам азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 23-сентябрда Талас шаарында 25 жаштагы келин бычакталып мерт болгондугу кабарланган.

Маалыматка караганда, келиндин денесине бир нече жолу бычак сайылып, ооруканага жетпей каза болгон. Анын жолдошу экөөнүн ортосунда 3 баласы бар экендиги айтылган.

Талас ОИИБ өз кезегинде 23-сентябрда саат 20:00 чамасында милицияга Талас шаарынын тургуну кайрылып, анын 1993-жылы туулган А.Ж. аттуу кызын белгисиз адам бычактап өлтүргөндүгүн билдиргенин маалымдаган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектелген адамды аныкташкан.

Ал эми кошуналарынын айтымында, каза болгон келин Талас шаарында көп кабаттуу жатаканалардын биринде апасы менен жашачу.

«Жаркылдаган, жардамын аябаган кыз эле. Бакай-Атага келин болгон экен. Өздөрү Бишкекте турушчу. 1,5 айдан бери жолдошу менен ажырашып, Таласта жүргөн. «Жолдошум тынчымды алып жатат» деп айтып жүрчү. Кечээ үйдө сиңдиси экөө калыптыр. Сиңдисин «тишим ооруп жатат» деп аптекага жөнөткөн экен. Сиңдиси 2 таблетка дары алып келгенче бычакталып калыптыр. Бирок бычактаган адамды милиция таппай калды», - дешкен алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×