Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 05.11.2018 23:58

Айыл турмушу: 12 балалуу болгон Б.Орозалиева атасы тандаган жигитке турмушка чыккан (сүрөт)

Turmush -  67 жаштагы Букадича Орозалиева жолдошу менен атасы жана кайын агасы аркылуу таанышып, баш кошушкан. 6 кыз жана 6 уул төрөгөн баатыр эне бала кезинен тарта кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«19 жашымда жолдошум менен баш кошуп, экөөбүз 38 жыл чогуу түтүн булаттык. 1953-жылы атам зоотехник болуп иштеп жүрүп пенсияга чыкты. Үйгө отурбастан колхоздордо, соода тармагында иштеп жүрдү. Аны менен чогуу кайын агам да иштеген экен. Кыязы, ошол учурда алар бири-бирине куда болууну көздөп жүрүшкөн окшойт. Ошентип атам менен кайын агам аркылуу жолдошум экөөбүз баш кошконбуз. Ал кезде өзүбүз деле бирөөнү жактырып тандачу эмеспиз. Биз үчүн жактыруу уят нерсе болчу. 6 кыз, 6 уулду төрөдүм. 20дан ашуун неберелерим бар», - деди ал.

Букадича апа кол өнөрчүлүктү бала кезинде апасынан үйрөнсө, турмушка чыккандан кийин кайын энесинен үйрөнгөн.

«Апам уз-чебер болчу. Эс тартып калганда эле апама кол кабыш кылып, жардамдашып жүрүп, үйрөнүп алгам. Ал кезде колго сайма сайып, өрмөк өрүп, терме согуп, кийин машинага кийим тигип калдым. Турмушка чыкканда деле бул кол өнөрчүлүк калган жок. Айрыкча балдарымдын чоӊ энеси иштүү, колу билген кол өнөрчү экен. Андан дагы көп ишти үйрөндүм. Балдарыма, жолдошума өз колум менен эле кийим-кече тигип, төшөк жасап берчүмүн. Ушул кол өнөрчүлүк калып калбаса экен, кийинки муунга үйрөтүп кетсем экен деп кыялданып жүрдүм.

Союз тараган маалдарда кыз-келиндер улуттук кол өнөрчүлүккө көп деле кызыгышчу эмес. Ушуну менен калып калат го деп ойлочумун. Бирок андай болгон жок. Акыркы жылдары этностил деген термин менен жаӊы муундун өзгөчө кол эмгектери чыкты. Биз да аларга билгенибизди үйрөтүп баштадык. Азыр мен кыз-келиндерге мастер-класс өтүп келем. Буйрутма болуп калса тебетей, калпак жасап берем. Быйылкы Көчмөндөр оюндарына терме согуу менен барып, 2-орунду алдым», - деди ал.

Букадича Орозалиева Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Узун-Айрык айылында 1951-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×