Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 17.09.2018 13:38

Видео, сүрөт — Ошто Самара Каримова менен Шахзоданын достук концерти 10 миң адамдын катышуусунда өттү

Turmush -  Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен Өзбекстандын белгилүү эстрада ырчысы жана актриса Шахзоданын достук концерти өттү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жандуу үн менен коштолгон достук концерти жогорку деңгээлде өткөрүлүп, стадиондогу миңдеген көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Концерттин жүрүшүндө мукам үндүү Самара Каримова эки элдин ынтымагынын, достугунун урматына арнап, өзбек тилинде жазылган чыгармаларды алгачкы жолу кыргыз элине тартуулады. Ал өзбек ырчысы Шахзода менен элди аралап ырдап, көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыды. Концертке акыркы үлгүдөгү жабдуулар алынып келип, концерт түз эфирден чоң экран аркылуу чагылдырылып турду. Бул концертке жалпы 10 миң адам келди.

Андан соң, достук концерт Жалал-Абад шаарында улантылды. Жалал-абаддыктар эки ырчыны өзгөчө шаң менен тосуп алышты. Самара Каримованын менеджери Максат Даврановдун айтымында, жакын арада Самара Каримова Өзбекстанда жеке концертин берет.

«Уюштуруучулар бул достук концертине Самара Каримованын талапкерлигин тандап алышты. Шахзода менен Самара Каримованын достук концертти жогорку деңгээлде өттү деп айта алам. Ырчы айымдар жүрөктөн чыккан ырларын элге тартуулашты. Музыка, чыгармачылык улут тандабайт дегендей, Самара Каримова өзбек тилинде жазылган чыгармаларды аткарып, элдин баарын таң калтырды. Тагырагы "Кетса кетар", "Мен сени хеч кимга бермайман" аттуу ырларды аткарды. Жакында Самара Каримованын жеке концертин Өзбекстандагы туугандарга тартуулоону пландап жатабыз», - деди М.Давранов.

Көрүүчүлөрдүн бири Айпери Камчыбек кызы Самара Каримова кыргыз элинин таланттуу, ар тараптуу ырчы айым экендигин айтты.

«Ырчы Самара Каримова Шахзодадан кем калышпай күчтүү диапазондо ырдап, өзүнүн чебер аткаруучу, ырчы экендигин далилдей алды. Анын чыгармаларын жактырып уккандыктан, бул жолку Шахзода менен өткөргөн концертине да келип катыштым. Концерт аябай жакты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×