Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Исфана 14.09.2018 16:06

Исфанадагы жетишкендиктер: 5,3 млн сом инвестиция жана биринчи жарым жылдагы салык жыйноо — 107,9%

Turmush -  Баткендеги Исфана шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу багытындагы иштер жылдагыдай эле тынымсыз улантылып жатат. Анын негизиндеги жетишкендиктер 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата чыгарылган жыйынтыкта белгилүү болду.

Исфана шаарынын мэринин милдетин учурда Камалов Зафаржон Шухратжанович аткарып жатат. Ал буга чейин Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышында депутат, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп эмгектенсе, 2015-жылдын 22-декабрында Исфана шаарынын вице-мэри болгон. Ал эми 2018-жылдын 28-августунан бери мэрдин милдетин аткарууда.

Камалов Зафаржон Шухратжанович

З.Камалов Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университеттен юриспруденция багытында жогорку билим алып, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ардак грамотасы, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата

Биринчи жарым жылдыкта жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп-өнүгүшүн камсыздоо боюнча бир топ иш-аракеттер жасалды. Жарандарды маалымат менен камсыздоо үчүн бирдиктүү терезе түзүлгөн. Аны менен жергиликтүү тургундардын ар кандай маселелерин бир убакта бүтүрүүгө толук шарттар жаралды.

Исфана шаары боюнча жыл башынан бери 33 жашоочу каттоодон чыгарылса, 82 чет өлкөлүк жана башка облустун жашоочулары убактылуу каттоого алынды.

Исфана шаардык мэриясында 24 негизги штаттык бирдиктер, 2 аскердик эсеп кызматкери, 14 айыл башчы, 1 статист-экономист, 7 маданият тармагын тейлөөчү кызматкерлер эмгектенишет. Муну менен мэрия кадрлар менен толук камсыз болгон.

2018-жылдын биринчи жарымында 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу салык пландан көп чогултулду. Быйылкы жылга 20 млн 58 миң 200 сом пландалса, мамлекеттик бюджетке 21 млн 652 миң 500 сом салык өндүрүлүп, бул көрсөткүч 107,9% болгон.

2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата салыштырмалуу 2 млн 319 миң 400 сомго салык көп чогултулуп, өсүү темпи 112 пайызга жеткен.

Исфана (4)

Инвестиция

Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагына тартылган ички жана сырткы инвестициянын жалпы көлөмү жыл башынан бери 5 млн 339 миң 600 сомду түздү.

Алар:

1. Ак-Булак айылындагы «Жеткинчек» бала бакчасынын жылытуу системасы МерсиКо эл аралык уюмунун долбоорунун негизинде орнотулду. Ага жергиликтүү боюджеттин эсебинен 97 миң 280 сом бөлүнүп, жалпы суммасы 195 миң 280 сом болгон.

2. Дүйнөлүк банк жана СКА биргеликте каржылаган «Үрөн фондун өнүктүрүү» долбоору иштеп жатат. Ал шаарга караштуу айылдардын тургундарын чет өлкөлөрдөн келген сапаттуу үрөн менен камсыздайт. Бир жылдык үрөндүн суммасы 16 миң 800 сомду түзөт.

3. «Бабушка Эдопшн» фонду тарабынан шаарда жана шаарга караштуу айылдарда жашаган 63 карыяга айына 800 сомдон акча каражаты берилет. Бул сумма бир айга 50 миң 400 сомду, ал эми бир жылга 604 миң 800 сомду түзөт.

4. «Борбордук Азияда жакырчылыкты жоюу» долбоору Англиянын уюму тарабынан колдоого алынган. Анын негизинде Чимген айылынын тургундарына жер-жемиштердин уруктары, жер семирткичтер, ошондой эле тоок жана алар үчүн жем берилген. Анын болжолдуу суммасы 60 миң сомду түзөт.

5. ЮСАИДдин колдоосу менен Агрогоризонт долбоорунун алкагында туура тамактануу боюнча ата-энелерге окутуулар өткөрүлгөн. Долбоор тарабынан семинарларды өткөрүүго 30-40 миң сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалды.

6. «Инсан-Лейлек» коомдук фонду тарабынан «Исфана таза суу» муниципалдык ишканасына 20 миң сомдук эмеректер берилген.

7. Ушул эле фонд тарабынан Исфана шаарынын аймагында жашап жаткан 200 жаранды (эмгек миграциясы багытында) окутуу-семинарлары эки жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Бул иш-чараларды өткөрүүгө 500 миң сом акча каражаты жумшалган.

8. Ушул эле фонд тарабынан Исфана шаарынын Манас-Ата көчөсүндө 2 кабаттуу, 100 орундуу бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу бүтүү алдында турат. Ага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 20 бала кабыл алынат. Бул имараттын курулушуна 4 млн сом акча каражаты сарпталган.

Исфана шаарынын 2018-жылга карата түзүлгөн туруктуу өнүктүрүү программасына киргизилген 23 иш-чара боюнча аткарылган иштер:

1. Исфана шаарынын Жаштык көчөсүнө жана шаарга караштуу Голбо айылына түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар 45 миң сомго орнотулду.

2. Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын көчөлөрүнө шагыл төшөөгө 473 миң 800 сом жумшалды.

3. С.Садыков атындагы эс алуу багынын айланасын тосуу, жашылдандыруу долбоорунун тендердик суммасы 1 млн 891 миң 300 сомду түзүп, учурда бүтүү алдында турат.

4. Исфана шаарына караштуу билим берүү мекемелерин өрт шаймандары менен камсыздоо үчүн 317 миң 580 сомдук акча каражаты жумшалды.

5. БУУнун жана МерсиКо уюмунун азык-түлүк долбоору боюнча мектеп жана бала бакчалардын ашканаларын ондоо жана жабдуулар менен камсыздоо үчүн 1 млн 60 миң 200 сомдук акча каражаты жумшалды.

6. Самат айылында бала бакчанын 70 орундуу жаны имаратын курууда 17 млн 900 сомдук иш аткарылды.

7. Кара-Таш айылында 50 орундуу бала бакчанын жаңы имаратын куруу үчүн бүгүнкү күндө 15 млн 620 миң сомдук иш аткарылды.

8. Голбо айылында 50 орундуу бала бакчанын жаңы имаратын куруу үчүн бүгүнкү күндө 20 млн 412 миң 200 сомдук иш аткарылды.

9. «Жасмин» бала бакчасына кошумча бөлмө куруу үчүн 68 миң сом жумшалды.

10. Мектептерге чарбалык имарат куруу (кампа, даараткана) үчүн 566 миң сомдук иш аткарылды.

11. Беш-Бала мектебине тротуар куруу жана «Барчын» бала бакчасынын жолун асфальттоодо 812 миң 700 сомдук иш аткарылды.

Анын ичинен 507 миң 700 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен, 305 миң сом ата-энелерден каржыланган.

Мектептердин ашканаларын оңдоо жана калыбына келтирүү долбоорлору:

- Исфана орто мектебине 256 миң 710 сом;

- Токтогул атындагы орто мектебине 19 миң 17 сом;

- Амир-Темур атындагы орто мектебине 44 миң 489 сом;

- А.Навои атындагы орто мектебине 372 миң 615 сом тендердин негизинде бөлүнүп, оңдоп-түздөө жана башка курулуш иштери жүрүп жатат.

Шаар мэриясы тарабынан салым катары аткарылуучу жумуштар толук бүткөндөн кийин жогоруда аталган мектептерге заманбап ашкана жабдуулары жана башталгыч класстардын окуучуларына тамак-ашы үчүн азык-түлүктөр берилет. Бул долбоорлорду даярдоо үчүн 17 миң 600 сом акча каражаты жумшалган.

Билим берүү мекемелериндеги оңдоо жана курулуш иштери боюнча:

- Беш-Бала башталгыч мектебинде тротуарларды оңдоо жумуштары толук бүткөрүлдү. Ага 212 миң сом акча каражаты 2017-жылдын бюджетинен жылдын аягында бөлүнгөн.

- «Барчын» бала бакчасынын аймагына 600 миң сомдук асфальт төшөө жумуштары толук бүткөрүлдү. Бул жумушка жергиликтүү бюджеттен 295 миң сом 2017-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилген. Калган 305 миң сом демөөрчүлөр жана ата-энелердин эсебинен каржыланды.

- Ысык-Көл орто мектебине 373 миң 720 сомдук жогорку кубаттагы от казан орнотулду.

- Кулунчак калыптандыруу борборун оңдоп-түзөө иштерине 10 миң 500 сомдук материал берилди.

- Самат атындагы орто мектебине кампа куруу үчүн 566 миң 49 сом бөлүнүп, жумуш толук бүткөрүлдү.

- №1 гимназия-интернатына 39 миң сомго 13 даана парта жана отургучтар алынып берилди.

Социалдык жактан коргоо боюнча:

Исфана шаарынын аймагында оор кырдаалда жашаган 119 үй-бүлө арыз менен кайрылган. Алардын арызын канааттандыруу максатында 340 миң 433 сом акчалай жардам көрсөтүлдү.

Айыл чарба жана жер боюнча:

Ал эми 2018-жылдын биринчи жарым жылында айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдөн 246 800 сом казынага түшкөн.

Муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдөн 119 миң сом, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчикке сатуудан 641 миң сом, жалпысынан жергиликтүү бюджетке 760 миң сом киреше түшкөн.

Жол куруу, транспорт жана соода тармагы:

Жылдын башынан баштап ар ай сайын Исфана шаарынын борбордук базарынын айланасындагы соода түйүндөр тартипке салынып, базардагы сооданын жүрүшүн көзөмөлгө алуу иштери жүргүзүлүп келет. Исфана шаарындагы соода түйүндөрүн жана коомдук тамактануучу жайлардын абалын жакшыртуу максатында комиссия түзүлүп, бүгүнкү күндө иштеп жатышат.

Жол коопсуздугун сактоо максатында автоунаа жолдоруна, мектеп жана бала бакчалардын имараттарынын алдына 112 даана жол белгилерин орнотуу үчүн смета даярдалып, тендерге берилди.

Аскердик каттоо жана мобилизациялык даярдык:

2018-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин мэриянын аймагындагы альтернативдик кызмат өтөөчүлөрдөн республикалык бюджеттин эсебине 330 миң 600 сом өткөрүү милдеттендирилип, план толук аткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча:

Исфана шаарынын мэриясына караштуу айыл-кыштактардын кооптуу делген 14 участкасынын карта схемалары, чиймелери чийилип, сүрөттөрү алынды. Лейлек райондук жарандык коргонуу комиссиясынын буйруктарынын негизинде орто мектептерде жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча машыгуулар өттү.

Исфанада 2018-жылдын май айында болгон табигый кырсыктан — селден жабыр тарткан 19 км жол, арыктар жана таза суу түтүктөрү мэрия тарабынан калыбына келтирилди.

Жайыт комитети:

2018-жылдын биринчи кварталында жайытты үнөмдүү пайдалануу боюнча келишимдер түзүлүп, Беш-Кудук, Шор-Булак, Тоо-Жайлоо, Кутчу, Шапкырт жайыттары боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

2018-жылга карата АРИС тарабынан каржылана турган алты объект боюнча тийиштүү иш кагаздары даярдалып, 1 млн 890 миң сомго долбоор жана сметалар даярдалууда.

Долбоорго кирген объектилер:

1. Мурза-Патча айылындагы Кызыл-Белес жайытына мал суу ичүүчү ноолор, 286 миң сом.

2. Тайлан айылындагы Танги-Зыгылык жайытына мал суу ичүүчү ноолор, 539 миң сом.

3. Голбо айылындагы Сырга-Таш жайытына жайытына мал суу ичүүчү ноолор, 347 миң 250 сом.

4. Самат айылындагы Жалпак-Таш жайытына жайытына мал суу ичүүчү ноолор, 120 миң 900 сом.

5. Чимген айылындагы Узун-Сай жайытына Беккари чункурун курууга 476 миң 500 сом.

6. Самат айылындагы Жалпак-Таш жайытына мал суу ичүүчү ноо курууга 120 миң 900 сом.

Жалпысынан АРИС тарабынан 1 млн 417 миң 912 сом, жамааттардан 25% салым катары 472 миң 637 сом каржыланат. Ал эми Беккари чуңкурун куруу долбоорун колдоого алуу максатында шаар мэриясынын бюджетинин эсебинен 125 миң сом бөлүндү.

Исфана (3)

----------------------------------------------------------------

Исфана шаарынын түптөлүшү

Исфана айылдык кеңеши 1937-жылы түзүлүп, 1996-жылы Исфана айыл өкмөтү болуп өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасынын президентинин 2001-жылдын 5-февралындагы жарлыгы менен Исфана айыл өкмөтүнүн базасында жана административдик аймагынын чегинде Исфана шаар башкармалыгы түзүлүп, райондук маанидеги шаар макамы берилген.

Өкмөттүн 2011-жылдын 5-августундагы токтому менен Исфана шаар башкармалыгы райондук маанидеги Исфана шаардык мэриясы болуп өзгөртүлгөн.

Исфана шаарынын аймагы 28 миң 950 гектарды түзүп, Түркистан кырка тоолорунун түштүк жагында, деңиз деңгээлинен 1300 метр бийиктикте жайгашкан. Учурда шаарда 30 миң 819 жашоочу бар.

Исфана (1)Исфана шаарында аткарылган иштердин жыйынтыгы сүрөттөрдө:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×