Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.09.2018 11:52 Жаңыланды: 14.09.2018 14:39 На русском

Ысык-Көлдө өспүрүм бала ата-энесинин карызын төлөө үчүн малчы болуп иштеп жүргөн

Turmush -  Ысык-Көл районунда мектепке барбай, эмгекке тартылган эки өспүрүм аныкталды. Бул Ысык-Көл районунда жашы жете элек өспүрүмдөрдү эмгекке колдонуу жана алардын мектепке барбаган учурларын аныктоо багытында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында маалым болгон. Белгилүү болгондой, 2001-жылы туулган Г.Н. Ананьев айылында тоонун боюнда жайгашкан кашарда малчы болуп иштеп жүргөн.

Өспүрүм Г.Н.нын ата-энеси кашардын ээси А.Т.га мал кароо жана жайыт үчүн 13 миң сом карыз болуп калган. Бирок алар карызды төлөө үчүн өспүрүм баласын ушул жылдын ноябрь айына чейин иштеп берет деп таштап кетишкен.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө бул үй-бүлөнүн 2006-жылы туулган Д.Г. аттуу баласы бар экени аныкталган. Эки бала тең бир дагы жолу мектепке барган эмес жана медициналык кароодон өткөн эмес. Мындан улам КРнын «Балдар жөнүндө» кодекси, «Билим берүү жөнүндө» жана «Балдардын укуктары жөнүндө конвенция» мыйзамдары боюнча балдардын укуктары бузулгандыгы аныкталган.

Ошондой эле өспүрүмдүн ата-энеси ата-энелик милдеттерин көңүл коштук менен аткаргандыгы жана балдардын укуктарын коргоо маселеси боюнча иш алып барган кызматкерлердин өз ишине шалаакылык мамиле кылганы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мындай тартип бузууларды жоюу максатында райондун прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына жана Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн башчысына көрсөтмө берилип, кошардын ээси А.Т.ны административдик жазага тартуу менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укугун коргоо каралган.

Мындан тышкары Ананьев айылындагы мектептин директоруна карата райондун прокуратурасы тарабынан Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 400-беренесинин 1-бөлүмү боюнча чара көрүү сунушталды. Прокуратуралык актыларды кароонун жыйынтыгында өспүрүмдүн ата-энеси административдик жоопкерчиликке тартылган. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн укуктарын бузууга жол берген айыл өкмөттүн кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Учурда эки өспүрүм тең мектепке барып жатат, аларга индивидуалдык тартипте инклюзивдик билим берүү үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары райондун прокуратурасы тарабынан бул багытта дайыма текшерүү жана көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×