Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ош облусу, Ош 14.09.2018 11:40

Кулчулуктун курмандыктары тагдырын айтуудан уялып, сотко ишенишпейт, - серепчилер

Turmush -  Кулчулуктун курмандыктары адатта өз тагдырын айтуудан уялып, соттун адилет чечимине ишенишпейт. Бул тууралуу Ош шаарында «Адам сатуунун алдын алуу» темасында өтүп жаткан семинарда эксперттер айтышты. Жыйынга Кызыл-Кыя, Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы аймактык кеңештин, айыл өкмөттөрдүн жана мэриялардын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле миграция боюнча эксперттер катышып жатат.

Катышуучулардын пикиринде, Мамлекеттик миграция кызматы кеп-кеңеш, юридикалык жардам бере турган орган катары иштеши керек. Анткени бул орган жөн гана статистикалык маалымат топтоо менен чектелип калганын айтышты.

«Мигранттар көбүнчө аймактык кеңеш, айыл өкмөттөргө качан гана кулчулукка кабылып же чет жакка кеткен тууганы дайынсыз болгондо кайрылышат. Бирок ар бир жаран өлкөдөн чыгып бара жатканда кайрылып, бара турган жерин айтып кетсе кыйынчылыктар жаралмак эмес. Ошондой эле мамлекеттик органдар кайсы жараныбыз кайсы жерде, кандай тагдырда жүргөнүн билиши керек. Бирок биз канча жараныбыз мигрант экенин билбейбиз, так статистика жок, анткени стихиялуу түрдө миграция күч алган», - деди миграция боюнча эксперт Эсеналы Абдыкалыков.

Ал эми Жалал-Абад облусунун аймактык кеңештеринин өкүлдөрү «Мигранттын мектеби» долбоору ар бир аймакта ишке ашсын деп сунушташты. Бул долбоор 2018-жылдын май айынан тарта иштей баштаган. Ошондон бери тажрыйбалуу психолог менен юрист өлкөдөн чыгууну каалаган жарандарга кеңеш берип жатышат.

Долбоор башталгандан бери 300дөн ашык жаран кеңеш алганын «Благодать» коомдук фондунун жетекчиси Рахат Шакирова кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×