Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 14.09.2018 11:14

Баткендеги жаңы ачылган тарых музейинде 2 миңден ашык экспонат сакталуу

Turmush -  Баткен шаарында жаңы ачылган тарых музейинде 2 миңден ашык экспонат коюлган. Музейди ачуу демилгеси Баткен мамлекеттик университетинин тарых мугалимдерине таандык.

Баткен шаарына барган мурунку өлкө башчысы Роза Отунбаева музей менен таанышып, жогорку баасын берди.

«Негизи ар бир облустун борборунда музей болушу керек. Бул цивилизациянын белгиси. Былтыр Баткенге келгенде музей ачуу керек деген пикиримди айттым эле. Тарыхка бай музей ачылганына кубанычтамын. Баткендиктердин демилгелерди көтөрүп, тез ишке ашырганы суктандырат. Ар бир облустун жүзү жарык болушу үчүн музей керек. Өзгөчө туризмди өнүктүрүү керек дейбиз. Туристтер келсе биринчи кезекте музейге барат. Баткендеги Кудаяр хан чебине да экспозиция жасап, музейге коюу керек. Ошондой эле бул аймактан кыргыздын мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандар чыккан, алар да тарых. Баткен индустриалдык облус, кен байлыктар көп. Музей жалаң эле билим, маалыматтын очогу эмес, экономиканын түрткүсү болушу керек», - деди ал.

Ошондой эле ал аталган окуу жайдын окутуучулары жана студенттери менен жолугушту.

Музейдеги 2000ден ашуун экспонаттардын катарын биздин замандын I кылымына таандык таштан, чоподон жасалган кол эмгектер толуктайт. Ошондой эле эң алгачкы ташка чегилген жазма экспонаттар да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×