Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.09.2018 10:35 На русском

Ак-Терек айылында 30 млн сомго 100 орундуу бала бакча курулду (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында 100 орундуу бала бакча курулду. Бул тууралуу Жаргылчак айыл аймагынын башчысынын орун басары Жалил Абдылдаев маалымдады.

Анын айтымында, бала бакчанын курулушу 2016-жылы башталган. Ишти тендерден утуп алган «Саруу Курулуш» ишканасы жүргүзгөн. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 30 млн сом каражат бөлүнүп, учурда бала бакчанын курулуш иши дээрлик бүткөрүлдү. Имарат жакын арада ишке берилет.

Ж.Абдылдаев учурда Жаргылчак айыл аймагына караштуу 4 айылда бала бакчага кезек күткөндөр арбын экенин айтты.

Жалпысынын бала бакчада 8 тарбиячы, медицина кызматкери болуп 25 адам ишке тартылат. 12 миңден ашуун калк жашаган Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү тургундары бала бакчанын ачылышын күтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×