Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 14.09.2018 10:33 На русском

Элет көйгөйү: Кочкорлуктар айрым тирөөчтөрү түшкөн чоң көпүрөдөн кооптонушат (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы чоң көпүрө адам өмүрүнө коркунуч жаратууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

«Бул көпүрө Кочкор району менен Кара-Тоо жана башка айылдарды байланыштырып турат. Үч жылдан бери көпүрөнүн тирөөчтөрү ажырап, айрым тирөөчтөр сууга түшүп калган. Темирлери ийилген абалда турат. Кочкор районундагы эң чоң көпүрөлөрдүн бири. Жеңил унаа менен өткөндө көпүрө солкулдап, коркунуч жаратууда. Оор жүк ташыган унаалар да дал ушул көпүрө менен өтүшөт», - дейт район тургундары.

Аталган көпүрө 4 пролеттон турат. Көпүрөнүн узундугу 75 метр, ал эми туурасы 10 метр. 1973-жылы курулуп, ишке берилген. Ал эл аралык маанидеги көпүрө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×