Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 14.09.2018 10:14

Нарындын футбол боюнча курама командалары Ысык-Көлдө өткөн турнирде 2-3-орундарга татышты

Turmush -  Нарын облусунун футбол боюнча курама командалары Ысык-Көлдө өткөн турнирде 2-3-орундарга татышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган турнирге Нарын, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек шаарынын жалпы 6 командасы катышкан. Анын 3 курама командасы Нарын облусунан барган. Мелдештин жыйынтыгында 3-орунду Нарындын «Көкөтөй – Миң-Булак» командасы, 2-орунду Нарындын Жан-Булак» командасы алган. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Буга чейин Нарында футболдук мелдеш өтүп, ага катышкан 21 команданын ичинен аталган 3 курама команда алдыга оозуп чыгып, Ысык-Көлдөгү оюнга жолдомо алышкан.

Бул футболдук турнир жаштар арасында жыл сайын уюштурулуп, жалпы катышуучулар оюндан кийин Ысык-Көлдө 2 күндүк эс алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×