Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.09.2018 09:58

Түптөгү жамаат чек арачынын кызын мектепти бүткөнгө чейин каржылоо милдетин алды (фото)

Turmush -  Түп районунун Ичке-Суу айылындагы «Такабай» жамааты чек арачынын үй-бүлөсүнүн кызы Даткайымды быйыл 1-класска киргизип, мектепти бүткөнгө чейин кийинтип, окутуу милдетин алышты. Аймактык кабарчы чек арачынын үй-бүлөсү менен таанышты.

1986-жылы туулган, прапорщик Акылбек Бейшебаев 2008-жылдан бери Каркыра чек ара тозотунда кызмат өтөсө, аялы 1990-жылы туулган Жыпар Марсбек кызы ушул эле чек арада ашпозчу болуп кызмат кылат. Алардын Азирет аттуу баласы 2-класста, кызы Даткайым 1-класста окуп жатышса, кичүүсү Алманбет 4 жашта.

Бул үй-бүлө 10 жылдан бери чек арада кызмат өтөп, мамлекеттин коопсуздугун сактап жүрүшсө, балдарын «Такабай» жамаатындагы Акылбектин ата-энеси багып келет.

Ал эми Даткайым ар айдын 20-күнүндө жамаат чогулган учурда төрөлүп калгандыктан жамааттын кызы деп, бүт камкордугун жамаат өздөрүнүн мойнуна алышкан. Ак-Суу районунан келген Даткайымдын таенеси бул жамааттын ынтымагына, ийгилигине баа берип, 15 жылдыгы менен куттуктап, айылынан баргандан кийин кудаларын туурап, жамаат уюштурууну максат кылып кетти.

Буга чейин Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Ичке-Суу айылында «Такабай» жамааты уюшулганынын 15 жылдыгын белгилөө учурунда жамаат чек арачынын кызы Даткайымды 1-класска окууга киргизгени жана ал мектепти бүткөнчө кийинтип, окутуу милдеттерин алганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×