Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 14.09.2018 09:34

«Шайлоодогу убада аткарылган жок»: Рават айылындагы футбол аянтчанын курулушу токтоп турат (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Рават айылында футбол аянтчасы жок. Шайлоо алдында бийлик өкүлдөрү аянтча куруп берүүнү убадалап, курулуштун 20 пайызы аяктагандан кийин токтоп калган.

Жашоочулардын айтымында, жаш балдар футболду кошуна айылдарга каттап ойноого мажбур. Жол алыс болгондуктан окуучулар атайын унаа жалдап барышат.

«Айрым учурларда алар түнкүсүн жолдо жүрүшөт. Мындайда кырсыкка кабылгандар да жок эмес. Өткөн жылы балдар түнкүсүн кошуна айылдан келе жатып кырсыкка учурашты. Ата-энелерин алдап чыгып, Лейлекке, Ак-Татырга барып келишет. Быйыл жаңы футбол аянтчасы курулмай болуп, акча каралып, бизден жер берилип, курулуштун 20 пайызы бүткөн. Бирок курулуш токтоп калды», - дейт Рават орто мектебинин директору Абдиллаким Гапаров.

Миңге чукул кожолугу бар айылда футбол аянтчасы негизги маселе болуп турганда шайлоо алдында бийлик өкүлдөрү аны куруп берүүнү убадалашкан.

«Шайлоонун алдында өзүбүздүн эле жердештерибиз аянтча куруп беребиз деп добуш жыйнашкан. Айыл өкмөттөн акча каралып, материалдарды ошол балдар алып бермей болушкан. Бирок азыр жумуш токтоп турат. Футбол ойногону барган балдар кошуна айылдын балдары менен мушташат. Унаа айдап чыгышат.

Убада берген партия шайлангандан кийин футбол аянтчасын куруп бербей жатат. Булардын баары коррупцияга малынышкан. Айыл өкмөттөн футбол аянтчасын курууга 500 миң сом каралганын билдиришти», - деди жергиликтүү тургун Азиз Кадыркулов.

Ал эми Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Нурмаматов: «Футбол аянтчасынын курулушуна 500 миң сомдой каражат бөлүнгөн. Материалдарды (тор, газон) балдар алып, калган каражатты эл өзү чогултуп бермей болгон. Шайлоо алдындагы убадалар боюнча уккан эмесмин», - деди.

Ак-Татыр айыл өкмөтүндө 3 айыл боюнча 1 эле футбол аянтчасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×