Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.09.2018 23:47

Жалал-Абадда жыл башынан бери жол кырсыктан 14 өспүрүмдүн өмүрү кыйылган

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери өспүрүмдөрдүн катышуусунда 97 жол кырсыгы катталып, 14 өспүрүм кырсыктын курмандыгы болгон. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Төрөбай Бекбергенов да тастыктады.

Анын айтымында, катталган жол кырсыктарынан улам 104 бала денелеринен түрдүү жаракаттарды алышкан. Кырсыктарды болтурбоо үчүн алар «Салам мектеп», «Айдоочу абайла» сыяктуу иш-чараларды өткөрүп келе жатышат. Балдардын жүрөк түпкүрүнөн айтылган сөздөр да айдоочуларды эрежени сактоого чакырат деген ойдо балдар дил баян жазышты. Окуучулар кырсыкты болтурбоого багытталган акцияларга активдүү катышып жатышат.

«Жыл башынан бери 14 өспүрүм жол кырсыгынан улам каза таап жатат, бул биз үчүн абдан чоң кейиштүү окуя. Балдар негизинен ата-энесинин же туугандарынын унааларында жүргүнчү катары бара жатып кырсыкка кабылышкан. Ошондуктан кырсыктын алдын алуу багытындагы иштерди жүргүзүп жатабыз», - дейт Т.Бекбергенов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×