Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Талас облусуТалас району 13.09.2018 18:14 На русском

Айыл турмушу: Жалгыз бой эне Б.Агымбетова 1 даанасы 1,5 кг жеткен картошка өстүрдү (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Калба айылынын 50 жаштагы тургуну Бегимжан Агымбетова салмагы 1,5 килограммга жеткен картошкаларды өстүрдү. Дыйкандан аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтмында, орточо картошкалардын салмагы 1 килограммга жеткен.

«Биз айылда дыйканчылык менен алекпиз. Күнүмдүк тиричиликке колдонуу үчүн чарбактагы 3 сотых жерге картошка өстүрөбүз. Алгач урук катары 1,5 кап кортошка тигилген. Аны тигип жатканда жерди семиртүү үчүн кык аралаштырганбыз. Учурда абдан түшүмдүү болуп, 1 даана кортошканын эң чоңдорунун салмагы 1,5 килограммга жетүүдө. 3 сотых жерден 1,5 тонна түшүм алдык. Базардагы баасы да жакшы болду, 1 кг картошканы 10-12 сомдон сатып жатабыз», - деди.

Жалгыз бой эне 2 уул жана 3 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×