Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 13.09.2018 17:20 На русском

Маселе чечилбесе эл жолду тосот: Чыр чыккан кыргыз-тажик чек арасындагы абал

Turmush -  Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткен районунун Ак-Сай айылында абал кооптуу. Бул тууралуу Аксай айылынын башчысы Эркин Жолчуев билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Ак-Сай—Тамдык жолун курууга уруксат бербей, өздөрү чек арага жакын жерде суу түтүгүн орнотуп баштаган. Мындан улам бийлик өкүлдөрү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бир пикирге келе алышкан эмес.

«Ал эми чек арадагы жагдайга күбө болгон эл маселе жакынкы күндө чечилбесе, Ворух анклавына өтүүчү жолду тосорун билдиришти», - деди Жолчуев.

Буга чейин Кечээ, 12-сентябрда Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик тургундардын ортосунда жаңжал чыкканы маалымдалган. Аксай айылынан 50гө жакын, ал эми Тажикстан тараптан 60тан ашык адам чогулган.

Чырга чек арадагы такталбаган жер себеп болгон. Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавындагы такталбаган жерден тажик тарап суу түтүктөрүн алып өтүүгө аракет кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×