Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.09.2018 16:42

Аксыда окуучуларга шашке чайы кечигип берилгенине мугалимдер нааразы

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айылындагы А.Жаныбеков атындагы мектептин окуучуларына шашке чайы 10 күн кечиктирилип берилди. Бул тууралуу аталган мектептин мугалимдери билдиришти.

Мектептин мугалими Тилеген Керимкуловдун айтымында, былтыр дагы кечиктирилип берилген.

«Окуучуларга шашке чайы жыл сайын кечиктирилет. Бул абал быйыл дагы кайталанды. Эмне себептен кечиктирилгенин сураганыбыз менен жооп алган жокпуз. Эми гана окуучуларга шашке чайы берилип баштады. Бирок аны алып келген тарап келишимди көргөзө алган жок», - деди ал.

Ал арада окуучуларга тамак ташып жаткан компания келишимсиз иштеп жатканы маалым болду. Бирок ал компания тендерден утуп, келишим түзүлө элек.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчисинин орун басары Мелисбек Усупбаев келишими жок тарап балдарга 3 күндөн бери шашке чайын берип жатканын моюнга алды.

«Тендер жарыяланып, портал 3-сентябрь күнү ачылган. Эң төмөн бааны берген компания тандалган. Интернет начар болгондуктан иш бир аз кечеңдеп кетти. Ошол себептен окуучуларга 5 күн шашке чайы берилбей калды. Бирок 3 күндөн бери тамак берилип жатат. Тендерден уткан тарап менен келишим түзүлө элек, бирок келишим түзөбүз. Буга чейин тендерден уткан компанияга оозеки уруксат берип, келешими жок иштеп турууга уруксат бергенибиз анык. Бүгүндөн баштап келишим түзүлөт», - дейт М.Усупбаев.

Аксы районундагы 65 мектептин башталгыч класстарында 10 миңдей окуучуга шашке чайы берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×