Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.09.2018 09:34

Видео, сүрөт — «Жылдыздар» мейманканасы, көк мейкиндиктеги чексиз эркиндик жана Г.Оморова багындырган бийиктик

Turmush -  4 жолу чоӊ суудан өтүп, капчыгай өрдөп, тоодон тоого, чокудан чокуга карай кеткен жол менен Тескей-Ала-Тоонун мөӊгүлөрүнө саякаттап, чатырда 3 түнөгөн изилдөөчү Гүлбара Оморова бийик тоодогу сезимдери менен бөлүштү.

Бороон уруп, кар уруп...

- Менин оюмча бул аймактар Кыргызстандын эң кооз, керемет жерлери болуп саналат. Бул мен үчүн унутулгус саякаттардын бири болду. Биздин барган маршрут төмөнкүдөй: Алтын-Арашан (касиеттүү ысык булактары бар) капчыгайы, андан Эки-Чатка (эки капчыгайдан түшкөн эки суунун бириккен жери), Эки-Чаттан Таш-Тор өрөөнүнө, андан Хатиджа (бийиктиги 4200 метр) ашуусуна, андан соң Чатыр чокусуна (бийиктиги 4800 метр), Чатырдан Ак-Суу мөӊгүлөрүнө бардык. Бул маршрут менен баруу даярдыгы бар, чыдамкай адамга оор деле болбойт. Бирок 4 жолу чоӊ суулардан өтүүгө туура келет. Ошондой эле чокуга чыгууга керектүү буюмдар, музда колдонулуучу жабдыктар менен баруу зарыл.

Алгач кадимки кургак чыйыр жол менен ашууга чейин жетесиз. Буга эки күн кетет. Андан ары муз каптаган карлуу бийиктикке чыгасыз. Кайра ашуудан Таш-Тор өрөөнүнө түшкүчө мындан кийинки жолуӊуздун бардыгы ушундай болот. 4 күн алачыкта түнөдүм. Негизи тоого алыскы чокуларга барганда чатырдан башка түнөк тандоого мүмкүнчүлүгүӊүз болбойт. Ал жактагы кырка тоолор жыл бою муз менен капталып, анын үстүндө кар жатат, ал кышы-жайы ээрибеген калыӊ мөӊгүлөр күнгө чагылышып, көздүн жоосун алат.

Негизи июль айынан сентябрга чейин гана барыш керек. Башка убакта барууга аба ырайы жана кардын калыӊдыгы, маршруттун оордугу кыйынчылык жаратат. Мөӊгүнүн жанында жана үстүндө түнөгөн күндөрү абанын температурасы -18...-22... болду. Кар жаап, бороон уруп, чатырым менен кошо учуп кете жаздадым. Бирок бул жерлерде аба ырайы тез өзгөрүп турат. Түнкүсүн суук болуп, күндүз күн чыгат же болбосо тез эле булут каптап, шамал катуу болуп, кар жаайт. Андан кийин күн ачылып, айлана жымжырт болуп калат.

Жаратылыштагы чексиз жалгыздык

- Тескей Ала-Тоо кыркасынын орточо бийиктиги 4500 метр. Анын эӊ бийик чокусу – Каракол (деңиз деңгээлинен 5280 метр бийиктикте жайгашкан). Тескей-Ала-Тоонун боорунда 1100гө жакын мөӊгүлөр жайгашкан. Ошондуктан бул кырка тоолор Тянь-Шань тоолорунун муздар топтолгон борбору болуп эсептелет. Ушундай оӊой менен бара албаган, адамдын буту аз баскан жерлерде түнт, ээн жаратылыштын укмуштай кооздуктарын көрөсүз. Энергиясын сезесиз. Жада калса асманда учкан куш да көрүнбөйт, жаратылыштагы чексиз жалгыздыкты сезесиз.

«Миӊдеген жылдыздар» мейманканасы

- Аба ырайы жакшы болсо, түн ичинде да кайталангыс кооздуктарды көрсө болот. Бул жерлерде керилген аппак мейкиндикте уктоо да өзүнчө бир керемет. Ал үчүн сизде коркуу сезими жок болушу керек. Биринчи түнү катуу шамал болуп, кар жаап туруп алгандыктан асманды көрө алган жокмун. Бирок экинчи түнү айлана жымжырт болуп, асмандагы жайнаган жылдыздар жакын болгонсуп, даана көрүнүп турду. Мени бул көрүнүш кубанычка жана эркиндикке бөлөдү. Альпинисттер бекеринен «Миӊдеген жылдыздар» мейманканасында түнөдүк деп айткан эмес да. Башкалар бул эмне кереги бар деп айтышы мүмкүн. Жонуна оор жүк артып, ашуулардан өтүп, чокуларга кыйынчылык менен чыгат деп ойлошот. Бирок мага эч кандай кыйынчылык сезилбейт. Бир аз үшүгөнүм гана болбосо, мен үчүн бул — бакыт.

Асман тиреген чокулар

- Тоого саякаттоо кызыктуу окуялар жана өмүрүӊүзгө коркунуч алып келген учурлар менен коштолот. Таштардын кулап түшүүсү жана кар көчкүсү, шар аккан суулардан өтүп бара жатып түшүп кетүү коркунучу, жапайы жаныбарларды жолуктуруп калуу коркунучу бар. Мөӊгүгө чыкканча өрөөндөрдө көптөгөн жаныбарлар жашашат. Мисалы, карышкыр, түлкү, тоо текелери, ак илбирс. Бирок бул капчыгайда ашып кетсе эки эле түнөйсүз. Жайдан кеч күзгө чейин алар адамдарга жакын келбейт. Бир гана чоӊ суур коркпой жакын келип, таӊ калып карап кетти. Андан ары татаал шарттарда, мөӊгүлөрдө эч кандай жандык кезиктирбейсиз. Мага бийиктиктен айланага көз салган жана асман тиреген чокулар, табышмактуу ак кар, көк муз баскан тоо кыркыларына суктануу жагат. Ушул учурдагы сезимдеримди сөз менен жеткире албайм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×