Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 13.09.2018 13:12

Чаткалдагы Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүндө намазкана курулду (фото)

Turmush -  Чаткал районунда Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүндө заманбап намазкана курулду. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин бул күмбөздөгү намазкананын эскилиги жеткендиктен ага жаңысын куруу демилгеси көтөрүлгөн. Эми баардык шарттары бар жаңы намазкана курулду.

Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү эл сыйынуучу ыйык жай деп эсептелинет. Ал Жаңы-Базар айылынын күн чыгыш тарабында бийик тектирчеде жайгашкан.

Күмбөздөрдү жергиликтүү калк Ыдырыс пайгамбардын ысымы менен байланыштырышат. Алгач ал жерде 3 күмбөз болгон. Азыркы күндө Ыдырыс пайгамбардын атынан аталган 2 гана күмбөз сакталып калган. Бузулган күмбөздүн ордуна кийин калк тарабынан жол жүргөндөр, сыйынуучулар үчүн намаз окулуучу жай курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×