Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Талас облусу, Талас 13.09.2018 12:32 На русском

«Айлык маянабыз берилбей жатат»: Таласта жолго тротуар кургандар өкүлчүлүктүн алдына чогулушту (видео)

Turmush -  Бүгүн, 13-сентябрда Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолуна тротуар курган 150 адам айлык маяналарын ала албай жатканын айтып, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдына чогулушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жол куруучулардын бири Айдарбек Акматовдун айтымында, тротуарларды курган 150 адам 5 айдан бери айлык маянасын ала албай жатышат.

«Биз Талас шаарындагы тротуарларды курганбыз. Жалпы 150 бала иштегенбиз. Бир жолу 2,5 миң сом, андан кийин 3 миң сом берип, токтотуп коюшту. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Бүгүн дагы Талас облусунун өкүлү Марат Мураталиевге келип отурабыз. Кыш келе жатат, үй-бүлө багып, отун, көмүр алышыбыз керек», - деди ал.

Ал эми башка куруучу: «Менин бригадамда 7 жумушчу иштеген. Булар менен 1 жыл толук иштешкенбиз. Башында айлыкты убагында эле төлөп беришчү, андан кийин бөлүп төлөп калышты. Акыркы 4 айдан бери такыр кабарлары жок болуп кетти. Жети балага эле 200 миң сом айлыгы берилбей жатат», - деди.

Тротуар курдурган ишкана менен байланышып, бул маселе боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Таласта тротуар жасаган 180 адам маяналарын ала албай, ишкананын үстүнөн даттанууда

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×