Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ош облусу, Ош 13.09.2018 12:06

Ошто туугандар мушташып, ок атылды. 5 жыл мурунку окуянын кайталанышы

Turmush -  Ош шаарында жашаган эки кошунанын ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. Маалым болгондой, чыр мындан бир жума мурун кошуна жашаган бир туугандардын балдарынын ортосунда чыккан.

82-жылы туулган Надыр (ысымы өзгөртүлдү) 83-жылы туулган Эдилдин (ысымы өзгөртүлдү) үйүнүн үстүнөн электр зымын тарттырган. Буга байланыштуу экөөнүн ортосунда чыр чыгып, бири-бирине кол көтөрүшкөн. Ошол учурда Эдил бир аз убакытка эс-учун жоготуп жыгылган. Ал ордунан тургандан кийин Надырды чаап, ал 15 мүнөттөй эс-учун жоготуп жаткан. Ошол учурда Надырдын 19-20 жаштагы инилери үйүндөгү ок атуучу куралды алып чыгып, Эдилге карата ок чыгарышкан. Мунун кесепетинен Эдил колунан жаракат алды. Бирок бир туугандардын балдары болгондуктан окуя ошол бойдон коомчулукка жарыяланбай кала берген.

Булактардын маалыматы боюнча, мындан 4-5 жыл мурун дагы аталган туугандардын үй-бүлөлөрүнүн ортосунда уруш чыгып, анда да куралдан ок атылган болчу. Алар өз ара жарашып алгандан кийин ал факты дагы тергелбей калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×