Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 13.09.2018 11:07 На русском

Экс-президент Р.Отунбаева Баткендеги чек арачылар менен жолугушту (сүрөт)

Turmush -  Мурунку өлкө башчысы Роза Отунбаева Баткен районундагы Чоң-Кара чек ара заставасындагы жоокерлер менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Р.Отунбаева жоокерлерге атайын дастаркон жайып, үй тамактарын жана таттууларды алып келип, чай үстүндө баарлашты. Аларга мекен чегинде мамлекеттин коопсуздугу үчүн өтөп жаткан кызматтары үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда акын Мирлан Самыйкожо өзүнүн жана белгилүү акындардын ыр саптарынан көркөм окуса, жоокерлер мекенге арналган чыгармаларды аткарышты. Чек арачылар менен болгон жолугушуудан соң Р.Отунбаева чек ара заставасындагы жоокерлер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×