Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Талас облусу, Талас 12.09.2018 22:52

Таласта Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы октябрь айында белгилениши мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 12-сентябрда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облустун, райондордун, айыл аймактардын жетекчилери катышкан кеңешме өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кеңешмеде 4 маселе каралып, алардын ичинен эң маанилүүсү болгон жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын октябрь айында өткөрүү талкууланды. Анын жүрүшүндө жазуучунун мааракесин 18-октябрда өткөрүү сунушталып, көпчүлүк жетекчилер сунушка макул болушту.

Бирок мааракенин так күнү белгиленген жок. Уюштуруу боюнча атайын регламент болбогондуктан маараке кайсы жерде өтө турганы белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×