Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Талас облусуТалас району 12.09.2018 15:55

Айыл турмушу: К.Сырмамбет кызы фестивалга катышуу үчүн окуучуларын борборго жалгыз жөнөткөн окуяны унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 42 жаштагы тургуну Кенжегүл Сырмамбет кызы 14 жылдан бери мугалим болуп эмгектенет. Ал үзүрлүү эмгегинин арты менен ийгиликтерге жетишкенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Мугалим 2001-жылы Талас мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. Педагогикалык эмгек жолун 2004-жылы Талас районуна караштуу Бакай-Таш орто мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан мугалим болуп иштөө менен баштаган.

«2016-жылдан баштап Талас райондук балдарга билим берүү борборунда эмгектенип, балдар менен биргеликте алгылыктуу иштерди жасоого жетиштим. Вокал, драма, Манас таануу, бий жана фортепиано ийримдеринин катышуучулары үчүн жаңы формаларды тиктирип, окуучулардын ийримдерге болгон кызыгуусун арттырдым. Окуучуларым бир нече республикалык жана эл аралык кароо-сынактардын жеңүүчүсү жана лауреаты болду. Балдар менен иштөөдө чарчаганын унутуп, ар дайым кубанып, ырахат алам. Окуучуларым менен талыкпай иштешип, "Ысык-Көл досторун чакырат" этнокарнавалында грамота алганбыз. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин грамотасы менен сыйлангам», - деди ал.

Кенжегүл Сырмамбет кызы: «Аталган фестивалга чоң автобус менен чыкканбыз. Бишкекке жетпей жолдон автобус бузулуп, балдарды 5 топко бөлүп, 5 унаага дайындап салып жибердим. Кудайлап баарын Бишкектен чогултуп алып, Ысык-Көлгө барганбыз. Балдарды чогултканча ойлонуп отуруп, тер басып, жолдун узактыгын сезбей калгам. Эң негизгиси аман-эсен, кечикпей барып калганыбызга кубангам», - деди.

Мугалим бактылуу жар жана 4 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×