Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 06.09.2018 10:15 Жаңыланды: 06.09.2018 12:38

Допинг чыры: Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын алтын байгесин алышы мүмкүн

Turmush -  Азиянын олимпиадалык кеңеши Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өткөн жайкы Азияда оюндарындагы спортчуларга карата жүргүзүлгөн допинг-тесттин жыйынтыгын жарыялады.

Анда эркин күрөш боюнча 62 кг чейинки салмактагы кыз-келиндер арасында алтын тагынган моңголиялык Орхон Пуревдорждун канынан тыюу салынган зат табылганы айтылат. Буга байланыштуу 20-августтагы финалдык мелдештин жыйынтыгы жокко чыгарылып, ал алтын медалдан ажыратылган.

Ал эми бул салмак даражада күмүш байгени кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова ээлеген болчу. Эгерде моңголиялык спортчу алтын байгеден ажыратылса, эреже боюнча ал Кыргызстанга — Айсулуу Тыныбековага берилиши керек.

------------------------------------------------

18-августтан тарта 2-сентябрга чейин уланган 2018-жылдагы жайкы Азия оюндарына 45 өлкөдөн 9700дөн ашык спортчу жолдомо алган. Анда спорттун 42 түрү боюнча медалдардын 476 топтому ойнотулду. 4 жылда бир өтүүчү жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан бул жолу жалпы 202 адам, алардын ичинен 149 спортчу жөнөтүлгөн.
Жыйынтыгында спортчулар Азия оюндарындагы медалдардын саны боюнча Кыргызстандын тарыхын жаңылашты. Капчыкта жалпы 20 медаль, алардын ичинен экөө алтын, алтоо күмүш жана 12 байге коло.
Мурдагы жайкы Азия оюндарындагы көрсөткүчтөр:

1994-жылы, Хиросима — 9 медаль

1998-жылы, Бангкок — 6 медаль

2002-жылы, Пусан — 12 медаль

2006-жылы, Катар — 8 медаль

2010-жылы, Гуанчжоу — 5 медаль

2014-жылы Инчхон — 6 медаль.

Айсулуунун XVIII жайкы Азия оюндарындагы беттештери:

1/8 финал

Айсулуу Тыныбекова - Жонг Сим Рим (Корея) - 6:6, Тыныбекованын жеңиши

А.Тыныбекова 1-8 1/4 финал

Руй Сю (Китай) - Айсулуу Тыныбекова - 0:3

А.Тыныбекова 1-4

Жарым финал

Айсулуу Тыныбекова - Сакши Малик (Индия) - 9:7

А.Тыныбекова жарым финал

Ал эми финалда моңголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешип, 0:11 эсебинде жеңилген:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×