Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 05.09.2018 10:05

Баткендеги чыр көп чыккан айылда «Чек арачы аял» атка конгон Разия Өсөровага «Даңк» медалы ыйгарылмак болду (фото)

Turmush -  Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында жашаган 67 жаштагы Өсөрова Разия апа президенттин жарлыгы менен «Даңк» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Разия апанын айтымында, сыйлык жакын арада тапшырылат деп айтышкан. Сыйлык аларын укканда кубанганынан ыйлады.

«Мен Көк-Таш айылында төрөлүп, ушул эле айылга келин болгом. Алгач мугалим болуп, кийин совхоздо иштеп, акыркы 20 жылдан бери Көк-Таш айылынын башчысы болуп эмгектенип келем. Кесибим агроном. Биздин айылыбыз Тажикстандын Чарку жана Сур айыл өкмөттөрүнүн айылдары менен чектешет. Эки мамлекеттин ортосунда тосмо жок. Андыктан эки элдин ортосунда тез-тез чыр чыгып турат. Эки элдин ортосундагы майда чырлар союз тарагандан кийин эле 1993-жылы башталган. Ал ортодо эки эл канча жолу достошууга аракет кылып, жогорку бийлик тарабынан достукка чакырган майрамдык иш-чаралар өтүп турат. Бирок эл бул чырлар качан чек ара маселеси чечилип, тосмолор тосулганда гана токтошу мүмкүн экендигин айтып келет. Анткени достошкон эл кайра-кайра чек ара маселесинен улам келишпестиктерге туш болушат. Жаштар болсо бир айылда чоңойгондой эле бири-бирин жакшы таанышат. Биз өз жерибизде тынчтыкта жашап жатканыбыз менен кээде биз жашаган жер кооптуу аймакка айланат. Ал учурда элдерди ынтымакка гана чакырабыз.

Айрым учурда чыр-чатактан катуу жаракат алган күндөрүм да болгон. Мисалы 2015-жылы Тажикстандын аскерлери биздин жерге кирип келип, эки эл кагылышуу алдында турганда чырды токтотуу үчүн элдин ортосуна киргем. Анда Тажикстандын аскерлери автоматын октоп, жүрөгүмө такаган. Мен «кыргыз өлүмдөн коркпойт, элдин тынчтыгы үчүн мени атып сал» дегенимде аскерлер ок чыгаруудан коркуп, артка кайтышкан. Бирок ошол окуядан кийин катуу стресске түшүп, ооруканага жатып калгам. Ушундай эле чыр 2017-жылы да болгон. Эки элдин кагылышуусунда тажик жарандары мени сүйрөп кетип, алардын тепкисинде калгам. Кийин алган жаракатымдан улам ооруканага жаттым. Мындай чырлар көп болгон. Бирок биз кандай чыр чыкпасын өз жерибизди башка элге бербеш үчүн колдон келишинче аракет кылабыз. Бизге бир карыш жерибиз да өтө маанилүү. Ал үчүн ата-баларыбыз канчалаган кан төгүп, ушул күнгө алып келип, бизге мурас катары калтырып кеткен. Чек арада жашаган эл өз жерин коргоо үчүн өмүрүн эч качан аябайт. Ошонун айынан мени эл «Чек арачы аял» деп атап алышкан. Бул наам мени бир жагынан кайгыга салса, бир жагынан чек араны темирдей коргоого үндөп турат.

Жакында эле эл «Даңк» медалын алат экенсиз, маалымат булактарындагы тизмеден сиздин атыңызды окудук» дегенде кубанганымдан ыйлап жибердим. Анткени буга чейин менде мындай сезим болгон эмес. Президент өз колу менен мага сыйлык ыйгарганын элестетип өтө кубандым. Кыргыз-тажик эли ар дайым тынчтыкта жана ынтымакта өмүр сүрө беришин каалайм», - деди ал.

Разия апа 3 уул, 4 кыз, 23 небере, 1 чөбөрөнүн энеси. Ага «Даңк» медалын ыйгаруу жөнүндөгү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 30-август күнү кол койгон. Чек арадагы эмгеги үчүн мурда бир катар сыйлыктар менен сыйланган болчу.

Разия апа деген ким?

Буга чейин Turmush басылмасы Разия Өсөрованы айылдаштары «Чек арачы аял» деп аташа тургандыгын кабарлаган.

«2000-жылдан тарта Көк-Таш айылынын башчысы болуп иштеп келем. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактарды токтотууга аракет кылып, 2 элди ынтымакка чакырып, өз жерим коргоп келем. Мени айыл башчысы кылып эл өзү шайлап алган. Аял болгонума карабай ар дайым кыргыз-тажик чыр-чатактарын басууга аракет кылып келем. Көпчүлүк аялзатын назик гүл катары элестетет. Бирок мен аял болуп жаралганыма эч кейибейм. Өз жерин аял-эркектигине карабай коргош керек. Мен да өз жеримди өмүрүмдүн аягына чейин коргогонго укугум бар», - деген болчу Разия апа.

Ал буга катар эле чек ара чырларында 2 жолу катуу жаракат алганын кошумчалаган.

«Чек арадагы чырларга катышуу мен үчүн сыймык эмес. Болгону өз жерибизди өзүбүз коргошубуз керек. Коңшу өлкөлөр менен ынтымакта болушубуз зарыл. Чек арадагы айылдардан көчүп кетпей, ал жерде түбөлүк жашап калуу керек. Жерибизди келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү биздин милдет», - деген болчу «Чек арачы аял».

Разия апанын жаракат алышы:

2017-жылдын 23-январында кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова жаракат алып, ооруканага жеткирилгени белгилүү болгон.

Ал өзү кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан жерге айыл башчысы катары барганын айткан.

«Мен ал жерге айыл башчы катары эки элдин ортосундагы чырды токтотуу максатында баргам. Бирок ал жерге топтолгон жаш балдар эч нерсе укпастан чырдаша кетишти. Тажик тараптан келген балдар көп болчу. Ошол жерден катуу жаракат алдым», - деген Өсөрова.

Жергиликтүү тургундар 21-январда тажикстандык окуучулар топ болуп келип, кыргыз балдарды сабап кетишкенин, чыр ошондон улам чыкканын билдиришкен. Чыр чыккан жерден тажиктерге тиешелүү 4 унаа, кыргыздарга тиешелүү 3 унаа ташбараңга алынып, талкаланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×