Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Талас облусуТалас району 29.08.2018 17:00

Айыл турмушу: Таластык чебер Кымбат апанын шырдактарын балдары ооруп калган америкалык жубайлар атайын алып кетишкен (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 64 жаштагы тургуну Байматова Кымбат апа тигүү ишканасын ачып, 10 келинди иш менен камсыз кылды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1973-жылдан бери чеберчилик менен алектенет.

«Балалык чагым Көпүрө-Базар айылында өттү. Талды-Булак айылына 1972-жылы келин болуп келгем. Өзүмдүн апам, чоң энем чебер болгон. Ошол эки кишинин кол өнөрчүлүгүн өзүмө алып, азыркы учурга чейин бул иш менен алек болуп келем. Бул өзүнчө бир кесип. Ишимди сүйөм жана берилүү менен кылам. Ар бир нерсеге өзүнчө кызыгуу керек. Мисалы мен кышы-жайы тигүү ишканамдан чыкпайм. Ишкана 3-4 жыл мурун ачылган. Азыр 10 келин иштейт. Алардын бардыгы иштүүлүккө жакындар. Айлык акыларын жасаган эмгектерине жараша алышат. Биздин айыл тоолуу жана малдуу болгондуктан, көбүнчө кийиз, шырдак жасоо менен алек болобуз. Анткени жүн өзүбүздөн чыгат. Шырдактар 6 миң сомдон 10 миң сомго чейин бааланат. Ала кийиздерди 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин баалайбыз. Шырдактар нукура жүндөн жасалгандыктан чет жерге буйрутма менен жасап сатабыз.

Андан тышкары кийиз бетине жылдыз белгилердин сүрөттөрүн түшүрдүм. Алгач сүрөтүн тартып алып, анан жүн менен саймасын сайып чыгасың. Алар 800 сомдон сатылат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жасаган шырдактарын балдары ооруп калган америкалык жубайлар да алып кеткендигин белгиледи.

«Бир топ жыл мурда Америкада жашаган бир үй-бүлөнүн балдары ооруп калат. Эч кандай жыйынтык чыкпаган соң Кыргызстанга алып келишиптир. Бул жакка келгенде шырдактын үстүндө ойнотушуптур. Балдары жакшы болуп калып, өз өлкөлөрүнө кетишет. Көп убакыт өтпөй балдары кайра ооруп калат. Эмнеден жакшы болушканын билбей, абадан же шырдактан деп ойлошот. Балдарын кайра алып келишет. Ошондо балдары шырдактын үстүнө ойноп жүрүп жакшы болуп кетишкен экен. Кийин ошол үй-бүлө мага келип, шырдактарымды жактырып алып кетишкен. Ошондо шырдактын ар бирин 10 миң сомго баалап саткам. Мунун ден соолукка пайдасы жакшы. Астынан сыз өтпөйт», - деди ал.

Чебер апа мындан тышкары боз үйлөрдү да жасап сата турганын кошумчалады.

«25 жылдан бери боз үй жасап сатам. Алты канат боз үйлөр 30 миң сомдон өйдө сатылса, 10 канат боз үйдү 10 миң доллардан сатам. Ошондой эле чет өлкөлөргө алып чыгам. Боз үйдү буйрутма менен жасабасам, мындай учурларда шырдак, кийиздер менен отурам. Бул учурда колумдагы балам жардам берет», - деди ал.

Кымбат апа 4 баланын жана 10 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×