Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 22.08.2018 14:05 Жаңыланды: 06.11.2018 12:26

«Жеңеке»: Бокс менен машыккан журналист Э.Нурматованын келиндик доордогу кызыктуу окуялары (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — журналистика тармагында эмгектенип келе жаткан 33 жаштагы Элиза Нурматова. Ал Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылында туулган. Сокулук районундагы Ч.Айтматов атындагы мектепти аяктаган соң, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин журналистика факультетинде билим алган. Андан кийин Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик башкаруу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

Элиза Нурматованын айтымында, ал жолдошу менен журналистика тармагында иштеп жүрүп таанышып, баш кошушкан. Учурда алар эки кыздын ата-энеси.

«Мен 23 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум менен КТРКда иштеп жүргөндө таанышкам. 2004-жылдан баштап окууну толук аяктай электе КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат программасына келип, ошол жакта 11 жыл иштедим. Андан соң Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык бөлүмүндө 2,5 жыл иштеп, азыр Бешинчи каналда аналитикалык бөлүмдө иштеп жатам. Журналистика чөйрөсүндө жалпы 13 жылдан бери иштеп келем. Жолдошум Адилет Сартов менен бир чөйрөдө иштеп жүрүп таанышып, 4 айдан кийин баш кошконбуз. Эки кыздуу болдук», - деди ал.

Ал жаңы турмуш курган учурда жумуштан чыккандан кийин адатынча өзүнүн үйүнө кетип калганын айтат.

«Жаңы келин болуп, көшөгөдө отурганда деле жумуштан кесиптештерим телефон чалып: «Адахан Мадумаровдун интервьюсу кайсыл жакта сакталуу? Жантөрө Сатыбалдиевди титрга кантип жазабыз? Деп сурап калышса, үйдөгүлөр күлүп калышар эле.

Турмуш кургандан кийин жумушка чыкканда кечинде адатымча өзүмдүн үйүмдү көздөй Новопавловкага кетип калыптырмын. Кызыл-Аскерге жетип калганда жолдошум телефон чалып: «Жумуш бүтүп калдыбы?» десе башка үйгө барарымды эстеп, кайра артка кеткем.

Жумушка байланыштуу бош убакыт деле азыраак. Дем алыш күндөрү жаратылыш койнунда, суунун жээгинде жана адамдар аз, тынч жерлерде эс алганды жактырам.

Мындан сырткары, жумасына 3 жолу залга барып бокс менен машыгам. Бокс фигураны дагы бир калыпка келтирип, арыктоого жардам берет. Андан сырткары концентрация, реакцияны өстүрүп, ар бир кадамыңды эсептегенге үйрөтөт.

Келечекте кыздарымдын мыкты инсан болуп чоңоюшуна өбөлгө болуп, алар ойлогон максаттарына жетишине түрткү берүүгө аракет жасайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×