Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу 15.08.2018 23:30 Жаңыланды: 30.10.2018 20:20

Жеңеке: Айгүл жеңенин аялдамадан таанышкан жигити 5 жылдан кийин мейманга чакырып, биротоло алып калган (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын районундагы Куланак айылынын кызы Айгүл Дүйшөналиева (47 жашта). Аймактык кабарчы Айгүл жеңе жана жолдошу — 47 жаштагы Канимет Осмонбеков менен таанышты.

Ал 1993-жылы Таласка келин болуп келген.

Айгүл жеңе өзү тууралуу: «Мен кесибим боюнча мугалиммин. Фрунзе шаарындагы Гуманитардык университетте билим алгам. 1989-жылы аялдамада троллейбус күтүп турган жерден болочок жолдошумду жолуктургам. Ал К.Скрябин атындыга айыл чарба институтунда билим алчу. Экөөбүз азыркы жаштардай болуп интернет сайттардан, ресторандардан эмес, аялдамадан эле таанышканбыз. Башында дос катары жолугушуп турсак, кийин достук мамилебиз сүйүүгө айланды. Жолдошум тайпасындагы 7 бала менен, мен тайпалаш кыздар менен дос элек. Алар бош убактысында бизге келишчү. Досторубуз ар тараптан болгондуктан ар кимибиз үйлөрүбүзгө чакырып коноктодук.

Ошол убакта жолдошум мени жалал-абаддык досуна жармаштыра берчү (күлүп ). Бирок бир жылдан кийин өзү сүйүүсүн билдирип, экөөбүз 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Ал убакта мен өзүмдүн ата-энеме таластык жигит менен сүйлөшөм деп айтып, акырындык менен көндүрдүм. Албетте, ата-энем алыс деп каршы болушту, бирок ар бир ата-эне кызынын бактылуу болушун тилейт эмеспи.

Биз үй-бүлөдө аз кишибиз. Ал эми жолдошум 12 бир тууган. Өзүмдүн апам "көп үй-бүлөгө көнгөн эмессиң, 12 бир тууганы 24 адам болуп келишет, сен ошого чыдайсыңбы?" деп сарсанаа болгон.

Кызыгы, жолдошум экөөбүз 5 жыл сүйлөшүп жүрсөк дагы мага айтпастан, досторубузду үйүнө конокко чакырып, мени ошол жерден эле алып калган. "Боз салкын" кинотасмасындай эле болгом. Ошентип 1993-жылы 19-декабрда Таластын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылына келин болдум.

Келин болуп келгенде көнө албай кыйналып жүрдүм. Же жумуш кылганды билбейм. Бул жакта камыр тамак көп жасалат эмеспи, мен көбүнчө камыр жууруп, жайгандан кыйналдым. Бирок ушул жерде жашап кетүүмө апам (кайненем) чоң себепчи болгон. Ал киши абдан акылдуу жана мээримдүү аял болчу. Мени алыс жерден келди деп аяп, мээримдүүлүгү менен көп ишти үйрөтүп, өз кызындай жетелеп жүрдү. Жолдошум эртең менен жумушуна кетип, кечинде кеч келчү. Ошол убакта апам экөөбүз үйдө калчубуз. Апам болсо ошол убакта мени жанына отургузуп алып Нарын менен Таластын салттарын айтып, Таластагы ырым-жырым, жөрөлгөлөрдү үйрөттү. Азыр Нарынга барганда "биздин салт мындай, силердин салтыңар такыр башкача" деп талаша кетем.

Бир күнү апама камырды өзүм жууруп, өзүм жаям дедим. Апам эт асып, балдарын конокко чакырды. Мен эрте эле даярдык көрүп, көп камыр жууруп койдум. Жая турган убак келгенде бир бөлмөгө толтуруп гезит жайдым. Жайылып бүткөн камырды ээринбей гезиттин үстүнө бирден жайып чыктым. Абысындарым көрүп алып, аябай каткырып күлүшкөн. Көрсө, камырды улпактап жаюуну эсиме албаптырмын. Азыр камыр жууруп, күлчөтайдын камырын жасоо боюнча алдыма киши салдырбайм», - деп айтып берди.

Айгүл жеңе жолдошунун чынчылдыгын, эмгекчил жана сөзүнө бекем турган мүнөзүн баалайт. Ал эми жолдошу Канимет мырза кайын журтуна сүйүктүү күйөө бала экенин кошумчалады.

«Мен кайын журтума сүйүктүү күйөө баламын (күлүп). Кайненем мени өз баласындай жакшы көрөт. Акыл насаатын айтып, барган сайын сый көрсөтүп келет.

Ал эми Айгүл менен алгач таанышканда эле адамгерчиликтүү, ыймандуу жана ачык мүнөзү мени арбап алган. Тизе бүгүп, колуна гүл сунуп сүйүүмдү билдирбесем дагы, жагымдуу сөзүм менен сезимимди далилдеп берчүмүн. Кайын журтума жакшы мамиле жасаганым бул жубайымды сыйлаганым, ал эми менин үй-бүлөмө жакшы мамилесин көрсөткөнү жубайымдын мага болгон сыйы», - деди К.Осмонбеков.

Жубайлардын ортосунда 1 кыз, 2 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×