Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Кызыл-Ойдо чет элдик туристтер үчүн улуттук ат оюндары боюнча фестиваль уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ой айылында чет элдик туристтер үчүн улуттук ат оюндары боюнча фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучу Артык Кулубаев билдирди.

Маалым болгондой, аталган фестивалга Европанын бардык мамлекеттеринен келген туристтер катышты.

«Бул фестиваль жыл сайын июль айында өткөрүлүп турат. Сентябрь айында Бишкектеги борбордук фирмаларда жыйналыш өтүп, фестивалдын убакыт-сааты белгиленет. Ошол фирмалар аркылуу чет өлкөлөргө жарнама кетет. Жарнаманы окуган туристтер келе беришет.

Бул фестивалга быйыл чет жактан келген 101 турист катышты. Иш-чаранын башында тушоо кесүү, баланы бешикке бөлөө, боз үй тигүү жана башка кыргыздын каада-салты, үрп -адаты көрсөтүлүп, андан кийин улак тартыш, эр эңиш, кыз куумай деген сыяктуу ат оюндары көрсөтүлдү. Ошондой эле, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 622
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×