Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу 10.08.2018 18:22

Жалал-Абадда 10 миң долларын алдатып, милицияга нааразы болгон тургундун билдирүүсүнө ОИИБ жооп кайтарды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Сыланкан Эгембердиева акчасын алдап алган аялдын үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко жетпей, кыскаргандыгы боюнча айтканына ОИИБдин басма сөз кызматы жооп берди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 11-январь күнү Жалал-Абад шаарынын тургуну Эгембердиева Сыланкан Шерматовна Жалал-Абад ШИИБге арызы менен кайрылган.

Өз арызында 2013-жылдын 28-декабрында Чүй облусунун Сокулук районунун 1959-жылы туулган тургуну Э.Т. ишеничине кирип, алдоо жолу менен 10 миң АКШ долларын карызга алып, ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып, акчасын кайтарбай жүргөндүгүнө байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүп берүү жөнүндө суранган.

Аталган арыз Жалал-Абад ШИИБге 2017-жылдын 11-январында катталып, текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматына тапшырылган, текшерүүнүн жыйынтыгы менен Эгембердиева Сыланкан менен Э.Т. ортосунда жарандык укук мамилелери бар экендигин жана алардын ортосундагы талаш-тартыш сот аркылуу чечиле тургандыгын көрсөтүп, КРнын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн (кылмыштын курамы болбогондо) 2-пункту боюнча жетекчиликке алуу менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин кабыл алган.

Бирок, Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан аталган токтом бузулуп, материал кошумча текшерүү иштерин уюштуруу үчүн Жалал-Абад шаардык ИИБге 2 жолу жөнөтүлгөн. 2- жолу кайрадан кошумча текшерүүнүн жыйынтыгы менен КРнын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.
Бирок, 2017-жылдын 23-ноябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан аталган токтом бузулуп, кошумча иштерин жүргүзүү үчүн шаардык ИИБге жөнөтүлгөн.

2018-жылдын 22-февралында Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Андашов тарабынан аталган окуя боюнча КРнын КЖКнын 166-беренесинин (алдамчылык) 2-бөлүмүнүн 3-пункту көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козгогон.

Тергөө учурунда шектүү Э.Т. тергөөгө келбестен, жүргөн жерин жашырып качып кеткендигине байланыштуу 2018-жылдын 21-апрелинде ага КРнын КЖКнын 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен айыбы сырттан угузулуп, ошол эле күнү сот тарабынан бөгөт коюу чарасы камак түрү тандалып, ага карата издөө жарыяланып, кылмыш иши КРнын ЖПКнин 221-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пункту менен өндүрүштөн токтотулган.

Кылмыш иши 2018-жылдын 6-июнунда айыпкер Э.Т. кармалгандыгына байланыштуу өндүрүшкө жандандырылып, тергөө мөөнөтүн 1 айга чейин белгиленип, айыпкерге карата бөгөт чарасы 2018-жылдын 22-июлуна чейин камак түрү тандалган.

18-июнда кылмыш ишти Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү С.Султанов өндүрүшүнө алып, Жалал-Абад шаардык сотуна айыпкер Э.Т. бөгөт коюу чарасын узартуу жөнүндөгү өтүнүч менен кайрылган.

Шаардык соттун 2018-жылдагы 19-июлундагы токтому менен тергөөчү С.Султановдун өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылып, айыпкер Э.Т.нын бөгөт коюу чарасы катарында 2018-жылдын 19-июлуна чейин үй камагы тандалган.

2018-жылдын 6-июлунда кылмыш иши боюнча жабырлануучу катарында өтүп жаткан С.Эгембердиева Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматынын башчысына өтүнүч арызы менен кайрылып, анда Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү С.Султановго жана жалпы шаардык ИИБдин Тергөө кызматына ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кылмыш иштин тергөөсүн Жалал-Абад облустук ИИБдин Тергөө кызматына тапшыруу өтүнүчү канааттандырылып, Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматына тапшырылган.

Кылмыш иши боюнча тергөө берилген мөөнөт аяктап калгандыгына байланыштуу 2018-жылдын 6-августуна чейин аталган кымыш иштин тергөө мөөнөтү узартылган.

Тергөө учурунда Базар-Коргон районунун Абдраимов айыл аймагынын тургуну Абдиева Бузайнап Нурмаматовна суралып, ал өз көрсөтмөсүндө, «2013-жылдын декабрь айынын ортолорунда Э.Т. сиңдиси айылдашы Маткеримова Гүлзара менен мен жашаган үйгө келип, менин ооруп жатканымды көрүп, акчага муктаж болуп турганымды билип туруп, каза болуп калган менин бир тууган иним Абдиев Нурландын наамына катталган Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсүндөгү батиринин күрөөгө коюп, акча алабыз, сага да дары-дармегиңе акча беребиз деп мени көндүрүп, Жалал-Абад шаарынын базарында иштеген Эгемберлиева Сыланкан эжеге батиримди күрөөгө койдурушуп, тиешелүү болгон акчаны алып, мага убада берген 20 000 сом акчаны беришкен жок» деп көрсөтмө берген.

Ошондой эле, кийин ал батирди сатамын деп Эгембердиева Сыланкандан документтерин алып кеткендиги боюнча көрсөтмө берген. Тергөө учурунда айыпкер катарында суралган Э.Т. өз көрсөтмөсүндө, жабырлануучу Сыланкан Эгембердиевадан эч кандай 10000 АКШ долларын албагандыгын, тескерисинче Эгембердиева Сыланканга акча бергендиги боюнча көрсөтмө берген.

Ошондой эле, иш боюнча С.Т. суралып, ал өз көрсөтмөсүндө, Сыланкан Эгембердиева менен Т.Т. тааныштыргандыгын, экөө бири-бири менен аласа-бересе кылып жүрүшкөндүгүн, Сыланкан Эгембердиевадан карызга 50000 сом акчаны пайызга Э.Т. алып бергендигин, ал эми 10000 АКШ доллары боюнча маалыматы жок экендигин көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши боюнча бир топ атуулдарды суракка алуу иштери, беттештирүү жана башка тиешелүү болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, 2018-жылдын 1-августунда Жалал-Абад облустук ИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү Н.Шадыканов тарабынан КРнын КЖКнын 166-беренесинин (алдамчылык) 3-бөлүмүнүн 2-пункту менен айыпталып жаткан Э.Т.нын кылмыш иши КРнын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 11-пункту (эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен) менен өндүрүштөн кыскартылып, айыпкер үй камагынан чыгарылган. Кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун Жалал-Абад облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши окуп чыгуу менен текшерилип, 2018-жылдын 8-августунда Жалал-Абад облустук прокуратура тарабынан жогорудагы кылмыш иш боюнча кыскартылган токтомго карата макулдук берилген», - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы.

Жабырлануучу С.Эгембердиеванын арызы Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан текшерилип, тергөөчү Н.Шадыканов тарабынан кылмыш иши боюнча адилеттүү тергөө жүргүзүлгөндүгү, тергөөчү Н.Шадыканов айыпкер Э.Т.га жактоочу болгон эместигин, тергөөчү Н.Шадыкановго ишенбөөчүлүк келтирүүгө негиздер жоктугу аныкталган.

Ошондой эле, облустук прокуратура кылмыш иш боюнча айыпкер Э.Т.нын баласы С.Н. тергөө убагында камсыз кылуу боюнча тергөөчү тарабынан 2018-жылдын 27-июнунда тергөө тапшырмасы берилип, бирок камсыз болбогондугу, ошондуктан тергөөчү С.Н.ге байланышка чыгып, тергөөгө чакырганда, ал апасы Э.Т. менен С.Эгембердиеванын ортосунда эмне болгондугун билбестигин, тергөөгө бара албастыгы жөнүндө айтып, тергөөгө келбегендиги да аныкталган.

Ошондой эле, ал апасына карама-каршы көрсөтмө бербестигин билдирип, ал эми айыпкер Э.Т.нын сиңдиси учурда Россия Федерациясынын аймагында иштеп жүргөндүгүнө байланыштуу тергөөдө суралбагандыгы, тергөөчүлөргө чара көрүп, ушул иш боюнча комиссия түзүп, текшерилип, мыйзам чегинде баа берилүүгө негиз жоктугу аныкталган.

Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы мыйзам чегинде гана жумуш алып барып жатканын жана айыпкер тараптын кызыкчылыгын коргоп жатат деген жабырлануучунун нааразычылыгы негизсиз экендигин билдирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×