Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Нарын

Кочкордо тоют топтоо өнөктүгү жүрүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда тоют топтоо өнөктүгү кызыды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондогу айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Жакшылык Калпаев билдирди.

Маалым болгондой, быйыл 14 847 гектар жердеги чөп чабылып, 15 913 тонна тоют топтоо пландалган. Бүгүнкү күндө райондо 4512 гектар көп жылдык чөп чабылып жыйналган. Мээнеткеч дыйкандардын эмгегинин натыйжасында азыркы учурда 18 463 тонна тоют топтолду.

Тоолуу аймактарда жайгашкан климаттык шарты катаал Соң-Көл, Сары-Булак, Талаа-Булак, Кара-Суу айыл аймактарында тоют топтоо өнөктүгү жаңыдан башталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 438
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×