Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

Оштогу 12 кабаттуу үйдүн чыры: Курулуш компаниясына айып салынды

Turmush -  Ош шаарындагы Курманжан датка жана Мамажан көчөлөрүнүн кесилишиндеги 12 кабаттуу үй кызыл сызыктан чыгып кеткени тууралуу коомчулукта кеп тараган. Ал эми Ош аймактар аралык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ажымурат Жолдошев архитектуралык жактан ката кетпегенин билдирди.

«Биз тараптан эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Биз болгону курулуш жайын аныктап беребиз», - деди А.Жолдошев.

Ал эми Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык аймактар аралык башкармалыгынын башкы инспектору Осмонкул Курманбеков билдиргендей, курулуш боюнча убагында документтерди көргөзбөгөнү үчүн аталган көчөнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдү курган курулуш компаниясына айып пул салынган.

«Курулуш компаниясы курулуш боюнча убагында документин көргөзө албай калганы үчүн 10 миң сом айып пул салганбыз. Ошондой эле лабораториялык анализдерди убагында бербегени үчүн дагы 7,5 миң сом айып пул салынган. Ал эми биз тараптан мыйзам бузуулар жок. Бул үйдүн курулушу боюнча УКМК тергөө жүргүзүп жатканын уктум. Бирок эмне себептен тергөө жүрүп жатканы боюнча кабарым жок», - деди О.Курманбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1059
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×