Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.08.2018 15:21

Жалал-Абадда унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларга эскертүү берилди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 9-августта унаа салыгы боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Рейд Мамлекеттик салык кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан салык төлөө мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу өттү. Анда айдоочулардын тийиштүү төлөмдөрү текшерилип, салык төлөбөгөн айдоочуларга эскертүүлөр берилди.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, мындай иш-чаралар жыл сайын өтүп, бир жылдык план чогултулат.

«Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл унаа салыгын төлөгөн жарандар көп. Бирок айрым айдоочулар белгиленген мөөнөткө чейин төлөнбөгөндүктөн мындай рейддер өткөрүлө берет. Учурда транспорт салыгын жыйноо кызуу жүрүп жатат. 1-сентябрга чейин салыкты төлөп үлгүрбөгөн айдоочулар негизги суммадан тышкары 2 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөшөт. Бул рейд бир гана салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында да өткөрүлдү», - деп билдиришти жол көзөмөлдөөчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×