Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 10.08.2018 14:04 На русском

Жоокерлерди сабап, кемсинтишкен: Кой-Таштагы аскер бөлүктүн командири кызматынан бошотулду

Turmush -  Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүктүн командири кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын укуктук камсыздоо жана коррупцияга каршы башкармалыгынын башчысы Темирбек Козуев билдирди.

Буга чейин «Кылым шамы» фонду аталган аскер бөлүктө офицерлер жоокерлерди ур-токмокко алып, иштөөгө мажбурлашканын билдирген болчу.

Т.Козуевдин айтымында, аскер бөлүктү текшерүү үчүн офицерлердин тобун жөнөтүү күтүлүүдө.

«Ар бир күнөөлүү адам жоопкерчиликке тартылат. Бүгүнкү күндө 3 кылмыш иш (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, жоокерлерди аскердик кызматка байланышпаган жумуштарга тартуу, куралды мыйзамсыз сактоо, медицина кызматкеринин кылмышты жашыруусу) козголду», - деди ал.

Ал эми Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун бөлүм башчысы Камалдин Жапаров 7-августта борбордун кызматкерлери абал менен жеринен таанышып келгенин билдирди.

«Биз баргада 2 жоокер арыз жазды. Бир жоокер Республикалык психикалык борбордо дарыланып жатат. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жоокерлерге ырайымсыз мамиле жасалганы аныкталды», - деди ал.

Буга чейин «Кылым шамы» адам укугун коргоо уюму социалдык түйүндөгү баракчасына №73809 аскер бөлүктөгү «Ала-Тоо» машыгуу майданындагы 3 жоокер колдоо көрсөтүүнү өтүнүп кайрылганын жазып чыккан. Жоокерлердин айтымында, офицерлер аларды ур-токмокко алып, мажбурлап жумуш жасатып, кемсинтишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×