Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 10.08.2018 16:18

Айыл турмушу: Эл агартуунун отличниги А.Барпыбекова 33 жылдан бери балдарга билим берип келет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 55 жаштагы тургуну Асылгүл Барпыбекова 33 жылдан бери эл агартуу тармагында иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

А.Барпыбекова 1980-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, Кыргыз улуттук университетинин химия факультетине тапшырган. Ал мектепте окуп жүргөндө химия жана математика сабактарына кызыгып, олимпиадаларга катышкан.

«Тасма көргөндү, китеп окуганды абдан жакшы көрчүмүн. Өзүмө жаккан китептерди 1-2 күндө эле окуп бүтүрүп койчумун. Биз мектепте окуп жүргөн учурда Зуура Сооронбаеванын китептери жарык көрүп, анын баарын окуп чыктым. Ата-энебиз бала кезибизден бери эмгектенүүгө тарбиялады. Алардын сөзү биз үчүн мыйзам болчу. Мээнеткеч болуп, көп жумштарды аткардым, чарчаганды билчү эмесмин. Бардык сабактарды жалаң «5» деген баага окудум. Математика сабагынан олимпиадаларга да катышып жүрдүм. Окуу жайды окуп бүткөндөн кийин Кайнар айылында иштеп баштадым. Ал жерден жумушка болгон кызыгуум күчөдү. Себеби устаттарым кемчилигимди оңдоп, жардам беришти.

Аталган айылда иштеп жүргөндө жолдошум Дүйшөнбекке жолугуп, ага турмушка чыктым. Бир жылдан кийин Көк-Сай айылына келип, иштеп баштадым. Бул жактагы эжелер ар дайым мени колдоп, акыл-насаатын айтып турушту. Тарбиялык иштерди алып барып жүргөндө бир аз кыйналдым. Себеби ар бир окуучунун мүнөзү ар кандай болот эмеспи. Ата-энелер менен иштешип, окуучуларды туура жолго салууга аракет кылдым», - деди ал.

Мугалим болуп иштеп баштаганда алгачкы күндөр кызыктуу өткөнүн айткан каарман: «Куудул Борончу Кудайбергенов менен Анвар аттуу жигит концерт коймок. Күлкүгө суусаган жаныбыз акча тартыш болгонуна карабай, концертке барганбыз.

Мугалим мен үчүн — коомдун агартуучусу, негиздөөчүсү. Жаштайымдан химия сабагына кызыгып, математиканы кошо өздөштүрдүм. Мектепте иштеп жатканыма 33 жылдын жүзү болду. Эне бир колу менен бешик терметсе, бир колу менен ааламды терметет эмеспи, андыктан мектептин да, үйдүн да жумуштарына жетишип келем», - деди.

А.Барпыбекова «Эл агартуунун отличниги» наамы менен сыйланган. Ал 2 кыз жана 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×