Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 10.08.2018 13:39 На русском

Сүрөт, видео — Бишкектин борборунда жарылуу болду

Turmush -  Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарындагы Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруу болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, саат 11:28де милиция кызматына телефон чалуу болгон. Алар Исанов көчөсүндөгү үйдүн жанында жарылуу болгонун билдиришкен.

Айтылган дарекке Биринчи май РИИБдин, ИИМ жана Бишкек ШИИБдин кызматкерлери жөнөтүлдү. Учурда ошол аймак курчоого алынып, эксперттер менен адистер иштеп жатышат.

Кийинчерээк АКИpress агенттигине Экстремалдуу медицина борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов жарылуу болгон жерден жаракат алган эркек киши ооруканага жаткырылганын билдирди. Учурда анын абалы орто оор деп бааланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×