Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 10.08.2018 12:25

Сүлүктүдө 20 жаштагы кыз үй ээсин жана өспүрүм кызды бычак менен коркутуп, 100 миң сом тартып алган

Turmush -  Сүлүктү шаарында каракчылыкка шектелип 20 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-август күнү саат 17:00 чамасында Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын 32 жаштагы тургунунун үйүнө азиат түспөлүндөгү болжол менен 20-25 жаштагы кыз кирип келип, ага жана 12 жаштагы кызынын моюнуна бычак такап коркутуп, акча талап кылган. Шектүү алардан 100 миң сом жана уюлдук телефонун тартып алып, окуя болгон жерден из жашырган.

Бул факты боюнча Сүлүктү ШИИБдин кызматкерлери ыкчам аркеттерди көрүп, шектүү катары Сүлүктү шаарынын Кош-Булак айылынын 20 жаштагы тургуну А.Ж. кармалды. Ал таежесинин үйүндө жашынып жүргөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 168-берененин (каракчылык) негизинде кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×