Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 10.08.2018 12:22 На русском

«Караӊгы түндө кантип корккон жок?»: Ысык-Атада жүзгө жакын адам издеген 2 жаштагы кыз эртеӊ менен табылды

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылындагы дачада жашаган үй-бүлөнүн дайынсыз жоголгон 2 жаштагы кызы табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, 2 жаштагы кыз кечээ, 9-августта кечке маал жоголуп, бүгүн, 10-августта саат 10:30 чамасында айылдагы суу аккан арыктын боюнда коркуп отурган жеринен табылган.

WhatsApp Image 2018-08-10 at 11.49.45

«Издөө иштерине айылдан 30 тургун, 35тей милиция кызматкерлери жана 35тей куткаруучулар тартылган болчу. Баарыбыз түнү менен издеп, такыр таппай койдук. Бүгүн, 10-августта болжол менен саат 10:30да ушул эле дачанын ичинен, суу аккан арыктын боюнан табылды. Буга чейин "Айылдын жанындагы суу сактагычка чөгүп кеттиби?" деген суроо пайда болгон. Анткени кыз жоголгон жер суу сактагычтан 150 метр жакын жайгашкан. Түнү менен жалгыз кантип отурганын билбейбиз», - деп билдиришти тургундар.

Ал эми кыздын жакын туугандары аны ооруканага алып барып, медициналык кароодон өткөрүшөрүн билдиришти.

«Кийими таза, бети-башында көк ала жок экен. Ошентсе да ооруканага алып барып, ден соолугун каратып коюш керек», - деди алар.

2 жаштагы кыз 5 бир туугандын төртүнчүсү болгон.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 10-август күнү Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы Дача-Лира тилкесинде А.Н. аттуу 2 жашар кыз дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат куткаруучуларга 102 кызматынан келип түшкөн. Издөө иш-чараларына саат 8:30да ӨКМдин Токмок шаардык №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Ысык-Ата райондук №27 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 31 куткаруучу жана ИИМден 25 кызматкер тартылган.

«Жалпы 60 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар саат 10:20да кызды чуңкурдан тирүү табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен. Абалы канааттандырарлык», - деп билдирди аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×