Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук Т. Бериков шабдаалынын түшүмүнөн жакшы киреше тапты (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын тургуну Токтогул Бериков 2 гектар жерге мөмөлүү бак өстүрүп, киреше табууда. Аймактык кабарчы жергиликтүү багбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 3 жыл мурун 2 гектар жерге шабдаалынын «эльверт», «нектар», алманын эрте бышуучу «чапазак» жана «симиренко», алчанын 3 сортун, жалпы 1200 түп көчөт тиккен. Быйылкы жылы шабдаалынын биринчи түшүмүн жыйнап, андан 40 миң сомдон ашуун киреше тапты.

«Жергиликтүү базардан кардарлар өздөрү келип, шабдаалынын килограммын 100 сомдон алып кетишти. Ал эми «эльверт» сортун учурда айыл тургундары килограммын 30 сомдон алып, компот, сок жасап жатышат», - деди багбан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 686
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×