Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 10.08.2018 11:56

Ош шаарын кооздоо үчүн 1,3 млн түп гүл отургузулду

Turmush -  Июль айына карата Ош шаарынын аймагында 1 млн 302 миң түп ар кандай гүлдөр отургузулду. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватованын маалыматы боюнча, 2018-жылдын башынан баштап 650 түп ийне жалбырактуу, 2489 түп жазы жалбырактуу дарактардын, 37 миң түп бадалдын көчөттөрү отургузулган.

Ошондой эле быйылкы жылы шаардын аймагына 2 млн түп гүл отургузуу пландалса, 1-июлга карата 1 млн 302 миң түп гүлдүн көчөттөрү отургузулду. Ал эми Питомниктеги 5 сотых жерге 2000 түп туянын, 3 сотых жерге 1100 түп каштандын 30 сотых жерге 5500 түп дубдун майда көчөттөрү көчүрүлгөн. Бош аянтка ишкананын жумушчулары ак кайыңдын, кипаристин уруктарын сээп, өстүрүп жатышат.

Бүгүн, 9-августта аталган комбинаттын жамааты менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жолугушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×