Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө 24 жаштагы келиндин кулагына чымын кирип кетти (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылында 24 жаштагы келиндин кулагына чымын кирип кетип, ал ооруканага кайрылды. Бул тууралуу окуяга күбө болгон аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, Талды-Суу айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна «кулагыма чымын кирип кетип, кулагымдын ичин чуулдатып жатат» деп бир келин кайрылган. Ошол жерден кесиби боюнча акушер-гинеколог, Талды-Суу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Догдуркан Рыскулова аспаптары менен текшерип, чымынды тез алып чыккан.

«Өз убагында келе калганы дайыма тез айыгууга себеп болот. Эгер Элнура өз алдынча аракет кылса, кичинекей чымындан эле акыбал оорлоп кетмек», - дейт Д.Рыскулова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1457
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×