Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.08.2018 11:23 На русском

Ала-Бука менен Чаткалдагы жардамга муктаж 303 окуучуга окуу куралдары берилип, футбол мелдеши уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука жана Чаткал райондорунда жашаган жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдар окуу куралдары менен камсыз болушту. Ошондой эле жолугушуунун алкагында футбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, балдарга мөмө-жемиштер таратылган.

Уюштуруучулар билдиргендей, эки райондон жалпысынан 303 окуучуга билим алууда керектелүүчү окуу куралдары белекке берилди. Ал эми футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү да өзүнчө белектер менен сыйланышты. Мындай иш-чара «Баланы мектепке даярдоо» акциясынын алкагында уюштурулган.

Акция Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун каржылоосунда уюштурулуп, окуу куралдарын алган окуучулардын тизмеси буга чейин атайын сурамжылоонун негизинде аныкталган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×