Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 10.08.2018 11:19

Жаш талант: 13 жаштагы Бегимай таттуулардын сырткы кагаздарынан баалуу белектерди жасайт (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылындагы Апыш Койчуманов атындагы орто мектебинде 6-классты аяктаган Бегимай Талайбек кызы бир жылдан бери түймөдөн азем белектерди, таттуулардын сырткы кагаздарынан баалуу буюмдарды жасоо менен алек. Анын көздүн жоосун алган кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү апасынан жана кол эмгектен билим берген мугалиминен үйрөнгөн.

«12 жашымда апамдын түймө түйгөнүн көрүп, мен дагы кызыгып үйрөнүп калгам. Учурда түрдүү жиптен билерик, асынма баштык, чачка байлагычтарды түйөм. Ал эми момпосуйдун жана шоколаддын сырткы кагаздарынан жана түстүү кагаздардан баалуу белектерди 5-классымдан бери жасап келем. Аларды жасоону кол эмгектен сабак берген Чынара эжейден үйрөнүп, улуттук баш кийимдерди, гүлдүн түрүн, карапа, кеме, балаты, куурчак жасоо менен алектенүүдөмүн. Кол эмгектеримди ата-энем, бир туугандарым, досторума белекке тартуулап, маанайын көтөрөм. Жасагандарым жакындарымдын маанайын көтөрбөстөн үйгө дагы аябай көрк берет», - деди ал.

Жаш кол өнөрчү мындан тышкары бий менен алектенет.

«Үйдөн бир тууган эжем экөөбүз эле бийлейбиз. Алгач эжемдин бийлегенинен улам бийге болгон кызыгуум ойгонгон. Ошондой кийин эжем экөөбүз клиптен бийдин кыймылдарын үйрөнүп, бийлеп келебиз. Мектепте концерттик иш-чараларда жана кечелерде бийлейм. Бирок сынакка катыша элекмин. Келечекте элиме пайдам тийген котормочу, чач тарач же дипломат болууну кыялданам», - деди ал.

Жаш талант үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×