Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 10.08.2018 10:56

TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек кармалды. Сот аны камакта калтырды

Turmush -  TBEA кытай компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек кармалды. Биринчи май райондук соту 8-августта Жантөрө Сатыбалдиевди, Айбек Калиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду жана Мусажан Макелекти камакта калтыруу баш коргоо чарасын 13-октябрга чейин узарткан.

Маалым болгондой, М.Макелектин кытай жарандыгы бар.

Буга чейи 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалгандыгы маалымдалган. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгү (кылмышка катышуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын мурунку төрагасы Айбек Калиевге «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча КЖКнын 303-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, кармалган.

«Электр станциялары» ААКтын мурунку директору Салайдин Авазовго жана анын орун басары Жолдош Назаровго дагы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү менен айып тагылган.

Ал эми Мусажан Макелек 2016-жылы TBEA компаниясынын өкүлчүлүгүнүн мурунку директору кызматын аркалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×