Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Айдаркенде борбордук көчөлөр жарыктандырылып, ички жолдор оңдолуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Айдаркен шаарынын борбордук көчөлөрүнө түнкү чырактар орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, жарыктандыруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 145 миң сом бөлүнүп, Синицина жана Асаев көчөлөрүнө түнкү чырактар коюлду. Түнкү чырактар шаардын бардык борбордук көчөлөрүнө орнотулат.

Ошондой эле шаардын ички жолдору да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Учурда Кыргызстан көчөсүндөгү чуңкурлар жамалып жатат.

Жол оңдоого керектелген асфальт, техника, май жана тамак-ашка кеткен каражат шаардык мэрия тарабынан каржыланды. Мэриянын кызматкерлери жана жол оңдоого жардам берүүнү каалаган тургундар акысыз иштеп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 366
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×