Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 10.08.2018 10:47

Базар-Коргондо каралбай калган борбордук стадион 33,4 млн сомго оңдолууда (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда оңдолуп жаткан борбордук стадион ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин Базар-Коргон районуна болгон иш сапарында райондун акими Айбек Бегимкулов билдирди.

Анын айтымында, акыркы 10 жылдан бери каралбай калган стадионду кайра куруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан аракеттер жүргүзүлүп, курулуш иштеринин 40%ы бүтүп калды.

Борбордук стадионду кайра калыбына келтирүү иштеринин сметалык баасы 40 млн сом болгон. Стадион 3125 орунга ылайыкташкан. Тендерден «Сантехмонтаж» ЖЧК 33 млн 400 миң сом утуп алган.

Маалым болгондой, спорттук аянтча заманбап жабдуулар менен камсыздалып, машыккандар үчүн жакшы шарттар түзүлөт. Учурда көрүүчүлөр үчүн эки тарапка отургучтар дагы орнотулууда.

Бул стадион 1982-1983-жылдары ашар жолу менен курулган. Кезинде мында түрдүү маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп турган. Эми ал аймактарды өнүктүрүү жылына жана райондун 100 жылдыгына карата оңдолууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×